super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Бажы биримдигине кирсек, макулдашууга "Мадина", "Кара-Суу" жана "Дордой" базары боюнча өзүнчө пункт киргизилет"

 
"Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, макулдашууга "Мадина", "Кара-Суу" жана "Дордой" базары боюнча өзүнчө пункт киргизилет",- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда. Айтымында, Бажы биримдигине кирүүнүн өлкө үчүн тобокелчилик жагы да, кошумча артыкчылыктары да бар. "Алгач дарыядан кечип өтүш керек, биз андай кыла элекпиз. Берки жээкте туруп алып аркы жээкте оор, кыйын боло тургандыгын айтып жатабыз",- деди Сатыбалдиев. Өкмөт жетекчиси Жол картасын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлгөнүн эске салып, бул иш жыл аягында бүтөрүн айтты. "Биз Бажы биримдигине кирип жатып сөзсүз өлкөгө жеңилдиктер менен артыкчылыктардын берилиши боюнча өзүбүздүн шартыбызды коёбуз. Биримдикке кирсек, өлкөдө баалардын көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бирок ишкерлер үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, мисалы, сүт жана эт экспортуна тыюу салуу маселеси чечилет. Бажы биримдигинин колдой турган да, колдобой турган да жагы бар. Бул боюнча эксперттер изилдеп чыгышы керек",- деп кошумчалады өкмөт башчы.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: