Бишкектин Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки машина сүзүштү



2-февралдан 3-февралга караган түнү Бишкектин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Окуянын күбөсүнүн айтымында, БМВ үлгүсүндөгү унаа Киев көчөсү менен чыгышты көздөй баратып, Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
"БМВ жол чырактын кызылы күйгөнүнө карабай өтүп бараткан. Кырсыктан жаракат алгандар да бар. Аларды "Тез жардам" кызматы алып кеткен", - деди окуянын күбөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

Өтү куюлуп айдагандарды кайрадан экзамен тапшрытып, же айдоо күбөлүгүнөн ажыратыш керек.