Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 10:06 чамасында катталган. Анын очогу Жаз-Кечүү айылынан 3 чакырым түштүк-чыгышта, Кызыл-Үңкүр айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Көк-Жаңгак шаарынан 34 чакырым түштүктө жана Кара-Көл шаарынан 54 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
"Жер титирөө Жаз-Кечүү айылында 3 балл, Кызыл-Үңкүр, Ак-Булак жана Көк-Алма айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Rasul94

03.02.2018. 11:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын боодо кырсык болбосун дуйнодо
aibi8984

04.02.2018. 19:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4-февраль 03:15тер чамасында да титиребептирби? супер инфо тактап койгула Жалалабат Кочкор-Атада
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.