super.kg logo

Жактоочу: "Салянованын мыйзам бузууга барганына бир дагы далил жок"

 

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму уланууда. Учурда анын жактоочусу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн улантып жатат.

Жакупбекованын айтымында, Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузууга барган эмес. Ошондой эле адвокат Салянованы айыптуу деп көрсөткөн материалдар далилденбегенин айтууда.

“Салянова мыйзам бузууга барган эмес. Эгерде Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартпай койгондо анда мыйзам бузуу болмок. Лицензияны узартпай коюуга негиз да жок болчу. 2010-жылдын 25-августунда Башкы прокуратурадан Юстиция министрлигине Елисеевдин иши боюнча маалымат алуу тууралуу кайрылуу каты келген. Бирок Салянова эмес, анын ошол учурдагы орун басары Жылдыз Мамбеталиева катка жооп кайтарган. Салянованын маалыматы да болгон эмес. Бул кайрылуу кат тергөө тарабынан Салянованы күнөөлүү деп табууга далил буюм катары алынып жатат. Бул эч кандай далил буюм болуп бере албайт”, - деди Жакупбекова.

Эскерте кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: