Ош. Кара-Кулжа районунда көлгө чөгүп кеткен 2 кыздын денеси табылды
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ойтал айылында 9-июнь күнү 2 өспүрүм кыз сууга чөгүп кеткен. Окуя саат 15:00 чамасында болгон. Көңдүк айылынын тургундары, 2000-жылы туулган Алымбек кызы Зарипа менен Назарбек кызы Чачыкей Орто-Көлгө ойногону барышып, кокустан чөгүп кетишкенин ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. Кыздардын жансыз денелери ошол эле күнү саат 17:00 чамасында табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.
Автор: Дастан Үмөтбай уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

