super.kg logo

"Аида Саляновага карата адилетсиз, саясий өңүттөгү сот өкүмү чыкты" дейт депутат Никитенко

 

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши каралып, сот өкүмү чыкты. Ага ылайык, Ленин райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.

Аталган отурумга катышкан Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенко Аида Саляновага карата саясий өңүттөгү адилетсиз өкүм чыкканын айтты.

"Аида Саляновага карата адилетсиз, саясий өңүттөгү сот өкүмү чыкты. Ага бүткүл өлкөнүн жарандары күбө болду. Аида Салянованын шаардык сотто каралган ишинде аябай көп мыйзам бузуулар орун алды. Райондук сотто каралгандагыдан да көп мыйзам бузуулар болду. Бүгүн мына тамтыгы кеткен сот тармагынын чыныгы жүзү көрүндү. Бул тармакта реформа жүргүзүп, адилеттүү сотторду тандап алуу зарыл", - деди депутат.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.






Бишкек шаардык соту Саляновага чыккан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.02.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга эмне бар экен. Тиричилигин тынч откоро бербейби
SUPER.KG видео
08.02.2018. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев менен анын куйруктары кетиш керек озун билген кылган адамдар
08.02.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристеси 13 жашка чыкканда дагы бирди төрөп койсо соттун башы маң болот да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: