super.kg logo

Аксыдагы кырсыктан оор абалда жаткан мугалимдин жолдошу: "Жубайыма эч кандай жардам көрсөтүүлөр болгон жок"

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы №52-"Мамай" атындагы орто мектептин төрт мугалими катышкан жол кырсыгында жабырлануучу Мукадас Ажибаева аттуу мугалимдин жолдошу Азизбек Ажибаев эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатканын SUPER.KG'ге билдирди.

"Жубайымдын абалы оор болуп жатат. Кечинде ага Жалал-Абад шаарынан дарыгерлер келип операция кылышты. Бирок анын денеси бүтүндөй жанчылып калганынан улам эсине келе албай жатат. Жубайым орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болчу. Алар ишемби күнү волейбол оюну боюнча спартакиададан келе жатышып кырсыкка кабылышты. Негизи мектеп оюн уюштурган соң, алардын барып келген унаасынан бери камсыздап бериши керек эле да. Бул жактан андай болгон жок. Анан дагы мектеп жетекчилиги келип жубайымдан кабар алган жок. Учурда дары-дармек боюнча чуркап жүрөм. Билим берүү министрлигинен деле кабар алган киши боло элек", - деди ал.

Ал эми мектептин директору Ташимырза Умаркулов мугалимдерге райондук билим берүү мекемеси тарабынан жардам каралып жатканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Кырсыкка кабылган мугалимдер жыл сайын райондор аралык өткөрүлгөн спорт боюнча спартакиадага барышкан. Мен өзүм унаага салып кетиргем. Алар кырсыкка оюн бүтүп, Кербен шаарынын борборуна карай келе жатканда кабылышыптыр. Негизи аларга мен "оюн бүткөндө айтып койгула, алып кетем деп айткан элем. Бирок алар бир аз шаар кыдыралы дешкен окшойт. Каза болгон мугалимдер Айчүрөк Исманова 1988-жылы туулган, мектепте информатика мугалими болуп эмгектенген. Артында эки баласы калды. Ал эми Гүлазым Сармырзаева башталгыч класстын мугалими болуп иштечү. Анын сөөгү кечээ жерге берилип, артында эки баласы калды. Албетте, жакындарынын кайгысын жардам менен толтура албайбыз, ошентсе да Аксы райондук билим берүү мекемеси тарабынан каза болгон мугалимдердин жакындарына 5 миң сомдон акчалай жардам берилгени жатат. Биз дагы ар кандай жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз", - дейт мектеп директору.

Ал белгилегендей, учурда абалы оор болуп жаткан Мукадас Ажибаева орус тили жана адабияты мугалими болуп иштесе, Гүлмира Таштанова англис тилинен сабак берет. Бүгүнкү күндө мектептин жамааты жана райондук билим берүү мекемеси тарабынан да алардын дары каражаттарына жардам көрсөтүү аракеттери каралып жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысы мугалимдердин жакындарына жардам катары которулат. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Министр Гүлмира Кудайбердиева каза болгон мугалимдердин жакындарына көңүл айтат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан.






Аксыда 4 мугалимди сүзгөн милиция кызматкери 2 айга камалды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
12.02.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мугалимдин кадыр баркы 5000сом элеби мм
12.02.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhykyo,өтө окунүчтүү
12.02.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жардам корсоткондун ордуна, олгондун устуно комгон кылып, куноону жабыркаганга же олуп калганга шылтап конгонбуз. бат эле адамгерчилуктуу болуп чыга келишет машина менен алып кетмекмин деп Чондор
12.02.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет мугалидерге дарыгерлерге айлык аз берип жаткандан кийин ушундай кутулбогон кырсыктарда баш которуп колдоо кылып койсо болмок.Иаилекет учун эн керексиз кызматкерлер мугалимдер менен дарыгерлердей эле мамиле кылып калышты.Ушундайда баардык тараптан жардам коргозуш керек да.
12.02.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сузуп кеткен ким аты жонун жазсанар .супер инфо
12.02.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оздору бир тыйын чыгаргылары келбей,кайра эле байкуш мугалимдердин айлыгынан узуп беришет имиш,бети жоктор
12.02.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5000ден каралып жатат дегенин куйуп кеттем
SUPER.KG видео
13.02.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге 2айга?? милиция болгон учунбу... эшек баш.... бизде мыйзам чеги акыйкат жок
SUPER.KG видео
14.02.2018. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чондор орточо айлык 9,10мин дешет. Негизи 5,6минди тузот. Ананда оюн,комиссия,концерт,балакеттин баары мектепке келип ,мугалимге жук болот. Кыскасы мугалим окутуучу,техтер,кассир бут мойнунда. Айла жоктун жумушу.Балдарды багуу учун иштейсин.Жон кана жазып кала бересин. Чындыкты айтсан ордундан кол жубасын. Жаткан жери жайлуу болсун,эдекелердин. Окунучтуу болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: