Караколдо бала бакчадан ооруканага жеткирилип чарчап калган наристенин өлүмүнүн себебин экспертиза аныктай алган жок






Караколдо бала бакчадан ооруканага жеткирилип чарчап калган баланын өлүмүнүн себебин экспертиза так аныктай алган жок. Бул тууралуу маалыматты Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, акыйкатчы маселени көзөмөлгө алууну Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө дайындаган. Өкүлчүлүк Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы В.Апышевадан жана бала тарбияланган №14 бала бакчанын директору А.Аракеевадан түшүнүк кат алган.
Алардын билдиришинче, эки жаштагы бала 9-февралда эртең менен бала бакчага келген. Болжол менен саат 11:00дө жөтөлө баштаган. Жөтөлү басылбай калчылдай баштаган. Бакчанын медайымы биринчи жардам көрсөтүп, "Тез жардамды" чакырган. "Тез жардам" кечиккендиктен тарбиячы Н.Сыдыкова баланы жуурканга ороп жолдон машина тосуп, тарбиячылар менен чогуу ооруканага жеткизген. Бала дароо оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткызылган. Дарыгерлердин көргөн аракетине карабай эртеси саат 14:30да чарчап калган.
"Күтүүсүз өлүмдөн кийин бөбөктүн ата-энеси да, дарыгерлер да анын денесине экспертиза жүргүзүүгө макул болушкан. Бирок ар кандай себептер менен ал процесс 11-февралга жылдырылып, саат 9:00дө союлган. Ага бала бакчанын медайымы, баланын туугандарынан 3 адам, бул ишти карап жаткан Каракол ИИБинин тергөөчүсү жана соттук-медициналык эксперттер катышкан. Жыйынтыгында, өпкөсүнө суук тийип жабыркаган делген, бирок так жыйынтык чыкпагандыктан Бишкекке экспертизага жиберилип, акыркы жыйынтыгы бир айдан кийин чыгары белгилүү болду. Бул ишти акыйкатчы Кубат Оторбаев да өз көзөмөлүнө алат", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, баланын апасы баласынын эч кандай оорусу болбогондугун, ал кароосуз калып катуу жыгылган же тарбиячылары түртүп катуу жыгылтып жиберишкен деген пикирин билдирген эле.



Ага ким жооп берет?
Чалкасынан каракуш мээси менен жыгыткансынар акмактар!!!!
Канча жотолсо да бала бирбир саатта комага тушпойт!Кепкир менен сабалган бала дагы бир апта жаттыго байкуш.
Омур менен алышып...
Жомокторду токуй бергиле уялбай!!!
Бул бардык садиктеги тарбиячыларга сабак болуш керек!
Энеси аманат кылып таштадыбы?
Карагыла,оозунарды чоюп ушак айтып отурбай.
мине блгонун бир кудай билет.
бейишин берсин .