Бишкек-Ош унаа жолунда 2 жүк ташыган унаа сүзүшүп, 1 адам жаракат алды
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 403-чакырымында 2 жүк ташыган унаа сүзүшүп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-февралда саат 09:30дар чамасында болгон.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 403-чакырымында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Mersedes-Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшүп алган. Натыйжада Mersedes-Atego үлгүсүндөгү жүк ташыган унаанын айдоочусу жаракат алган. Окуя болгон жерден аны "Тез жардам" кызматы алып кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.