Зарина Асанова: “Балдарым бут кийимимден уялам деп мектепке барбай да коюшат”



Бул жолку каармандарыбыз Ысык-Көл районунун Садыр аке айылында жашаган 10 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү. Оор турмушту башынан кечирип жаткан 38 жаштагы Зарина Асанова оорукчан жолдошун, 8 баланы багып келет.
“Балдарымды классташтары “силер кедейсиңер” деп шылдыңдашат экен. Балдарым “бут кийимимден уялам” деп кээде мектепке барбай да коюшат. Жалгыз калганда булардын тагдырын ойлоп эч кимисине көрсөтпөй ыйлап алам”, - дейт Зарина Асанова.
Үй-бүлө түйшүгүн жалгыз көтөрүп келаткан, жардамга муктаж мекендешибиздин тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№798, 16-февраль, 2018-жыл) окуй аласыз.
кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №798-жаңы санында...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:53
2025-06-27
Рейтинг:
-1


Талкуу жабык.