Бүгүн Бишкекте "Түркияны таануу" маданий иш-чарасы өткөрүлөт
Бүгүн, 17-февралда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде Түркияны таанып-билүүгө багытталган "Түркияны таануу" маданий иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргыз жериндеги элчилигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, иш-чарада кыргыз жана түрктөрдүн белгилүү жылдыздары оркестрдин коштоосунда жандуу үн менен ырдап, бийчилер тарабынан эки өлкөнүн улуттук бийлери тартууланат. Ошондой эле Осмон хандыгынын учурундагы улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп өтөт.
Белгилей кетсек, аталган иш-чарага кыргыз ырчыларынан Гүлзада Рыскулова, Юлия Руцкая, Аскат Мусабеков, Турдакун Ниязалиев жана башкалар катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.