super.kg logo

АКШнын Флорида штатында окуучуларга куралдуу кол салган жаран кылган ишин моюнуна алды

 

АКШнын Флорида штатында "мектепке кирип келип окуучуларга курал менен кол салган" деп айыпталган 19 жаштагы Николас Круз кылган кылмышын моюнуна алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, шектүү сурак учурунда “Мектептин сыртында жана ичинде мага көрүнгөн окуучуларды аттым” деп билдирген. Кийин ал ок атуучу куралын таштап, көпчүлүккө аралашып качып кетүү аракетин көргөн.

Сот Николас Круздун ишин карап, киши өлтүрүү боюнча ойлонуштурулган иш деп чечим чыгарган жана күрөө берип бошонуу укугунан ажыраткан.

Белгилей кетсек, Флорида штатынын Паркленд шаарындагы "Stoneman Douglas High School" деп аталган орто мектепте 14-февраль күнү ок атуу болуп, кеминде 17 адам каза болсо, 50дөн ашык адам жаракат алган. Ал эми полиция кызматкерлери аталган окуяга шектүү катары ушул эле мектепти бүтүп кеткен 19 жаштагы Николас Круз аттуу адамды колго түшүрүшкөн.

Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам "Флорида актардын штаты" болушу керек деген ураанды карманган "Флорида республикасы" уюмуна мүчө болгону аныкталган. Андан кийин полиция Круздун үйүнө барып анын колдонгон компьютерин жана ал катталган социалдык баракчаларын текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда анын социалдык баракчаларында тапанча жана бычак кармап түшкөн сүрөттөрү жүктөлгөнүн көрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: