Ала-Арча коругунда аскадан кулап кеткен альпинисттин жансыз денеси табылды
Аламүдүн районундагы Ала-Арча коругунда аскадан кулап кеткен альпинисттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 18-февралда билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 15-февраль күнү Ала-Арча коругундагы “Эркин Корея” аскасында болгон. Анда аскага чыгып бараткан учурда Литванын 2 жараны Сайкаускас Салиюс менен Кейскас Крупский Алис кулап кеткен. 17-февраль күнү Кейскас Крупский Алис табылып, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу.
Ал эми 18-февраль күнү саат 13:30да экинчи альпинист Сайкаускас Салиюстин жансыз денеси табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
1

Аа эмнеге Айтматов же Чокморов чокусу эмес?