Кышкы Олимпиада оюндары: 500 метр аралыкка коньки менен жарышта олимпиадалык рекорд жаңыланды
Бүгүн, 18-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында япониялык спортчу айым Нао Кодаира 500 метр аралыкка коньки менен жарышта 36.94 секундда келип олимпиадалык рекордду жаңылады. Буга чейинки Олимпиада рекорду түштүк кореялык Ли Сан Хвага таандык болчу. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада 37.28 секунд көрсөткүчү менен келип рекорд койгон болчу.
500 метр аралыкка коньки менен жарышта 2-орунду түштүк кореялык Ли Сан Хва алды. Ал марага 37.33 секундда келген. Ал эми чехиялык Каролина Эрбанова 37.34 секунд көрсөткүчү менен 3-орунду камсыздады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.