super.kg logo

SUPER.KG`нин Түз эфиринде бүгүн саат 15:00дө белгилүү ырчы Алина Жетигенова конокто болот

 

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова.

Алина Жетигенова 1964-жылы 6-ноябрда Таластын Арал айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" деген ыры менен аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет" деген топто иштеп, кийин ал топ чачырап кеткенде "Таазим" тобуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон.

Убагында ырчынын аткаруусундагы сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык "Кыздын сыры" деген ыры хит болгон. Учурда аталган чыгарманы жаш ырчы Айдана Дека аткарып жүрөт.

"Бул жылы чыгармачылыкка катуу киришип, жаңы жаратуулардын үстүнөн иштейм", - деген ырчы жакында эле чач жасалгасын өзгөрткөнүн маалымдаган.

Алина Жетигеновага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Ырчы 21-февраль күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.


кошулду





21-февралда SUPER.KG'нин түз эфиринде Алина Жетигенова конокто

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
19.02.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Алина!Биз сизди уй булобуз менен жакшы коробуз.Чач жасалганыз да жакты.Ушинтип эле сулуулуктун символу болуп дайыма жаш дайыма сулуу болуп журо бериниз!Оморовдордун уй булоосу
19.02.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага да аябай жагасыз,бирок акыркы прическа коз уйронбодубу же жарашпагандай туюлду,суроо сулуулукту кантип кармап келесиз,уй булоонуз жонундо маалымат бере кетсениз,алдан ала рахмат.
19.02.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алина эже азаматсыз ийгилик
20.02.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эжекебиз каарый тушуптур.ийгилик
20.02.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечикпениз
21.02.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alina eje ilgeri bizdin aiyldyn klubuna koncert koyup kelgende, anda men kichinekeimin, koshunalardyn chon kyzdary menen koncertke baram dep eelenip alsam, meni apam jiberbei koyup, men koz jashymdy koldotup yilap, kogorup kechki tamakty da jebei, achka , kuzgudo kystarylyp turgan Alina ejenin shlyapa kiyip tushkon surotun karap alyp kaira kaira yilap, jaman bolgom, korso men anda Alina ejenin fanaty okshoimun :). Birok kiyinki jyly jaiynda akyry bardym Alina ejenin koncertine, oshol klubga...:)
21.02.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина эженин Кыздын сыры аттуу ыры менен чонойдукта. Ал убакта Арноо концертинде жээ болбосо мыскыл жана тамашадан эле коро алчубузда ырчыларды, кол жеткис эле...
21.02.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжекебиз кечигип жатабы?
23.02.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперчилер, Аалы Туткучевке байланышып кытайлык кыргыз Айсалкын Жунус кызы деген эжекебиз Аалыга арнап ыр жазган эле ошого жооп жазып койсунчу..
jengoo түзөттү 2018-02-23 13:37:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: