super.kg logo

Эксперт энергетика тармагында да авариялык коркунуч бар экенин айтты

 

Бүгүн, 19-февралда Өкмөт үйүндө Бишкек ЖЭБдеги аварияны талкуулаган жыйында эксперт Николай Кравцов энергетика тармагында да авариялык коркунуч бар экенин айтты. Ал ЖЭБдеги авария кайдыгерликтен болгонун айтып, бул келечекте сабак болушу керектигин билдирди.

"2012-жылы Күрпсай ГЭСинде авария болгон. Анын себеби бүгүнкү күнгө чейин айтылган жок. Менин билишимче, бүгүн алты жыл өтсө да анын себеби такталган жок. 2014-жылы Токтогул ГЭСинде трансформатор оңдоодон өткөрүлгөнүнө карабастан жумуштан чыккан. 2015-жылы эки ирет авария болду. Мен Айбек Калиевге айткам, бирок жыйынтык болгон жок, авария кайталанды. Биз авариялык абалдардын алдын алып, болгон окуялардан жыйынтык чыгарбай жатабыз", - деди Кравцов.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: