super.kg logo

ТЕСТ: Кино ааламындагы дөө-шаалардын башын бириктирген "Оскар" тууралуу маалыматтарды чагам десеңиз тесттен өтүп көрүңүз

 

Жыл сайын дүйнөлүк кино тармагындагы мыктыларды аныктоочу эӊ маанилүү иш-чара – бул "Оскар" киносыйлыгын тапшыруу салтанаты экени талашсыз. Сыйлык 1929-жылы негизделип, февралдын аягында өткөрүлүп келсе, быйыл Пйоңчаңдагы Кышкы Олимпиада оюндарына байланыштуу 4-мартка белгиленген. 150 метрлик кызыл килемди басып өткөн атактуулардын кийген кийиминен тартып, азем тууралуу кызыктарды жакшы билем десеңиз, төмөнкү тест аркылуу өзүңүздү сынап көрүүнү сунуштайбыз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

89-жолу "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде "Жылдын мыкты тасмасын" адашып атап, "ла-ла-лендчилердин" шаабайын сууткан актёр ким?

2017-жылы аземдин финалдык баскычында сыйлык тапшырууга чыккан актёр Уоррен Битти конвертти ачып: "Мыкты тасма" деп – "Ла-Ла-Ленд" тасмасы табылды" деп жар салган. Алып баруучу, куудул, актёр Жимми Келли ортого түшүп, сыйлык тапшыруучуларга башка конверт берилип, жеңүүчүнү адашып атап алышканын, "Оскарга" татыктуу тасма – "Айдын жарыгы" экендигин айтып, элден кечирим сураган.

Кийинки суроо


Уоррен Битти
Хью Жекман
Жимми Келли

Кара терилүү киножылдыздар кайсы жылы "Оскарга" бойкот жарыялашкан?

2016-жылы 88-жолку "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлгөн. Бирок киноакадемия алдын ала 14-январда талапкерлердин тизмесин жарыялаары менен чыр башталган. Режиссёр жана актёр Спайк Ли кара терилүү актёрлордун тизмеде жок экенине нааразычылыгын билдирип, "Оскар" сыйлыгына бойкот жарыялаган. Анын демилгесин актёр Уилл Смит баштаган кара терилүү атактуулар колдогон.

Кийинки суроо


2006-жылы
2016-жылы
Жарыялаган эмес

Каза болгондон кийин "Оскар" сыйлыгын алган биринчи актёрду атаңыз...

Австриялык актёр Питер Финч "Телесеть" тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыгына көзү өткөндөн кийин көрсөтүлүп, аталган сыйлык анын жубайына тапшырылган. Питер Финч 3 ирет үйлөнүп, балалуу боло алган эмес. Ал 60 жаш курагында жүрөгү сокпой калып, бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Кийинки суроо


Жеймс Дин
Питер Финч
Льюис Майлстоун

"Оскар" престиждүү наамынан баш тарткан актёр...

Америкалык актёр, режиссёр, продюсер Жорж Скоттко "Шылуун" тасмасындагы ролу үчүн киноакадемиктер "Оскар" наамын ыйгарган. Бирок актёр кино тармагындагы атактуулар менен атаандашпай турганын билдирип, бул наамдан баш тартып, академиктерге кайтарып берген.

Кийинки суроо


Жорж Скотт
Кристофер Пламмер
Жон Хьюстон

Комедиялуу кинолордун "атасы" деген лакап атка конгон, бирок бир дагы жолу "Оскар" сыйлыгына талапкер боло албаган актёр ким?

Актёр эки ирет "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болсо, алты жолу ал сыйлыкка көрсөтүлгөн. Бирок кино дүйнөсүндөгү эмгеги үчүн "Оскар" наамына бир да жолу талапкер боло алган эмес. Ал: "Прожектордун жарыгына көзүмдү уялтып, сыймыктануу, толкундануу менен сахнада тургум келет. Албетте, мындай жагымдуу учурга "Оскарды" алганда гана туш болсом керек. Бул эң башкы максатым", - деп айткан.

Кийинки суроо


Жим Керри
Лесли Нильсен
Билл Мюррей

Кино тармагындагы мыктыларды аныктаган салтанат канча жолу алдын ала белгиленген убагынан кеч өткөрүлгөн?

Салтанат 4 жолу алдын ала белгиленген убагынан кеч өткөрүлгөн. Биринчиси, 1938-жылы Лос-Анжелестеги суу ташкынынан улам 1 аптага, экинчиси 1968-жылы Мартин Лютер Кинг (АКШда жашаган кара терилүүлөрдүн укугун коргоочу кыймылдын лидери) каза болгондугуна байланыштуу 2 күнгө жылдырылган. Үчүнчүсү 1981-жылы АКШнын 40-президенти Рональд Рейганга кол салуу аракетинен улам 1 күн кийин өткөрүлсө, төртүнчүсү Пйоңчаңдагы Кышкы Олимпиада оюндарына байланыштуу жылдырылган.

Кийинки суроо


6
4
Өз убагында өткөрүлүп келет

Америкалык дипломат, бир канча өлкөдө элчилик кызматты аркалаган айым 6 жашында "Оскар" наамын алып, атактуулуктун туу чокусуна жеткен. Ал..?

Ширли Темпл жарнамалык роликтерде, кыска жана толук метраждуу тасмаларда жараткан ролу үчүн 6 жашында "Оскардын" "Эң жаш сыйлыгы" менен сыйланган. Наам алгандан кийин атактуулугу артып, АКШдагы эң көп гонорар алган актриса болууга жетишкен. Кино жаатында атактуулукту багынткан Ширли Темпл актёрдук ишин жыйыштырып, саясатка аралашкан. Ал Гана Республикасындагы жана Чехословакиядагы Американын элчиси, БУУнун башкы ассамблеясынын өкүлү болгон.

Кийинки суроо


Хиллари Клинтон
Хелен Гаган Дуглас
Ширли Темпл

Бул инсан "Оскар" сыйлыгын алуу боюнча рекорд койгон...

Америкалык кинорежиссёр-мультипликатор, сүрөтчү жана "Walt Disney Pictures" компаниясынын негиздөөчүсү Уолт Дисней "Оскар" сыйлыгын алуу боюнча рекорд жараткан. Анын 59 эмгеги бул наамга көрсөтүлүп, 26сы "Оскарга" ээ болгон.

Кийинки суроо


Уолт Дисней
Жон Уильямс
Альфред Ньюман

Киноискусствонун мыктылары "Оскарга" татыса, эң начарлары кандай наамды алышат?

"Алтын малина" актёрдун чеберчилиги, фильмдин сценарийи, режиссёрдун эмгеги эң начар деп табылгандарга ыйгарылат. Бул антисыйлык 1981-жылы америкалык публицист Жон Уилсон тарабынан негизделген. Малинанын айкели желимден жасалып, алтын түстөгү боёк менен боёлгон. "Оскар" сыйлыгын тапшыруудан бир күн мурда "Алтын малина" наамынын ээлери аныкталат.

Кийинки суроо


"Алтын малина"
"Жорж"
"Гойя"

Кино дүйнөсүнө кошкон зор салымы үчүн "Оскар" наамын алып, Голливуддун төш каккан жылдыздарын ыйлаткан жаныбарды атаңыз...

Сөз америкалык Кристалл аттуу маймыл-актриса тууралуу. "Маймылдардын Анжелина Жолиси" аталган Кристалл кожоюну Том Гандерсон менен Лос-Анжелесте жашайт. Ал "Музейдеги түн: Күмбөздүн сыры", "Жунглидеги Жорж" жана башка 30дан ашуун тасмаларда роль жараткан. 2015-жылы кино дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн "Оскар" сыйлыгын алып, атактууларды басып өткөн.

Кийинки суроо


Оранжи аттуу мышык
Кинг аттуу арстан
Кристалл аттуу маймыл

Бул тасма "Оскар" сыйлыгынын 14 наамына көрсөтүлүп, анын 11 сыйлыгын жеңип кеткен.

1997-жылы тартылган "Титаник" тарыхта эң көп каражат топтогон лидер тасмалардын бири экени баарыбызга маалым. Фильм 1998-жылы "Оскардын" 14 наамына көрсөтүлүп, жыйынтыгында 11 сыйлыкка ээ болуп рекорд жараткан.

Кийинки суроо


"Ла-Ла Ленд"
"Титаник"
"Всё о Еве"

Америкалык актёр, кинопродюсер Леонардо Ди Каприо "Эң мыкты мырзанын ролу" деген наамды качан алган?

2016-жылы "Долби" театрында өткөн салтанатта Голливуд жылдызы көптөн күткөн мүдөөсүнө жеткен. 18 жашынан бери "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок багы ачылбай жүргөн Ди Каприону "Аман калган" тасмсындагы ролу үчүн киноакадемиктер "Мыкты актёр" деп табышкан. Сыйлыкты алып жатканда Леонун кубанычы үчүн залда отургандар туруп кол чаап, алтургай "Титаниктеги" өнөктөшү Кейт Уинслет көзүнө жаш алган.

Кийинки суроо


2004-жылы
2016-жылы
2013-жылы

"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде 45 секунддун ичинде эмне кылууга үлгүрүү керек?

Туптуура 45 секунддун ичинде наам алган инсан ыраазычылык сөзүн билдирүүгө үлгүрүшү керек. Бул эреже 2002-жылы киргизилген. "Оскардын" тарыхында эң узак ыраазычылык сөзүн британиялык актриса Грир Гарсон сүйлөгөн. Анын узактыгы 8 мүнөткө чамалаган.

Кийинки суроо


Ырдоого
Ыраазычылык билдирүүгө
Сахнага чыгып, наамды алууга

"Оскардын" тарыхындагы эң кымбат көйнөктүн суммасы?

2013-жылы америкалык актриса Женнифер Лоуренс "Мыкты актриса" наамын алган. Ал кызыл килемден өтүү үчүн 4 миллион долларды чапчыган көйнөк кийип келгендиктен, аны чет элдик басылмалар "Оскардын" тарыхындагы эң кымбат көйнөк деп аташкан. Бул көйнөктү "Christian Dior" француз мода үйү тигип берген.

Кийинки суроо


4 миллион доллар
2 миллион доллар
200 миң доллар

Кайсы актриса 21 ирет "Оскар" наамына көрсөтүлүп, 3 ирет статуэтканын ээси болгон?

Учурдун легендарлуу актрисасы Мерил Стрип "Оскардын" 3 жолку статуэткасынын ээси. Ал бул наамга 21 ирет көрсөтүлүп, "Крамер Крамерге каршы", "Софинин тандоосу" жана "Темир айым" тасмаларында жараткан образдары үчүн алган.

Кийинки суроо


Кэтрин Хёпберн
Мерил Стрип
Ингрид Бергман

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(29)
03.03.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
60
03.03.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ziash85,меники дагы 60
03.03.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
sabina90,бирге
чогу дзюдо банда түзөтүү, Алтымышбектер.
03.03.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
74 балл
03.03.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
67
03.03.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
47
03.03.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Benazir08,меники дагы 47
03.03.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Rasul94,жайлаппыз да Оскарды
03.03.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
34 балл.Жакшы биле бербейт экемин
03.03.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
80
03.03.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
60
03.03.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
67
03.03.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
47
03.03.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
80 3 ката
03.03.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
80
03.03.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
67 10 тура 5 ката☺
03.03.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
54
03.03.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
27. Кино коргондон такыр тажабайм.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-03-03 22:32:58
03.03.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
40эле экен
03.03.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
80. 3ката
04.03.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
67упай алдым
04.03.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
74, 4 ката
04.03.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
60
04.03.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
34 билбейт экенмин
04.03.2018. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
87
04.03.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
54
04.03.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
2-чи урунушта 100
04.03.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле 47 минус баспай эле койгула
09.03.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут эле минуско?
меники 34 упай болду.... жоктон жогору
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: