super.kg logo

Ирландиялык 5 жаштагы кыз NASA`дан Плутонго планета статусун кайтарып берүүнү суранды

 

Ирландиялык 5 жаштагы кыз NASA`дан Плутонго планета статусун кайтарып берүүнү суранды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 5 жаштагы Люси О`Коннор интернеттеги видеороликтерден окумуштуулар Плутонду кичинекей планеталардын катарына кошконун угуп маанайы чөккөн. Ал окумуштууларды бул пикирден кайтуусун суранып, балдар бакчасындагы тарбиячысынын жардамы менен кат жазып жөнөткөн. Өз катында кийин чоңойгондо астронавт болуп NASA`га жумушка орношо турганын жана өзү бир планета ачып, аны "жалгыз мүйүздүү" (единорог) деп атай тургандыгын жазган.

Жазылган кайрылуу өз дарегине жетип, ага NASA`нын изилдөө департаментинин башчысы Жеймс Грин жооп берген.

"Мен дагы Плутон планетасынын изилденүүсүнө өтө кызыгам. Тилекке каршы, мен ага планета статусунун кайтарылып берилишине жардам бере албайм. Анткени планетанын статусун алуу чечимин NASA эмес, Эл аралык астрономиялык союз кабыл алган", - деп жазган Грин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: