super.kg logo

Жеке ишкер Асел Алымбаева: "Акчам болсо, бизнес кылмакмын" дегендер жаңылышат. Бизнес баштоо үчүн акча эмес, идея жана жөндөмдүүлүк керек"

 

Жеке ишкер Асел Алымбаева бизнес баштагысы келгендерге өз тажрыйбасын жана топтогон сырларын бөлүшөт.

Туулган жылы – 1988-жыл;

Туулган жери – Токтогул району, Толук айылы;

Билими – Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган, магистратурада билимин улантууда.

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 2 кыздын апасы.

“Соода-сатыкка 5 жашымдан баштап аралашкам”

- Үйдө 6 бир тууганбыз. Эжем, сиңдим, үч иним. Баарыбыз эле соода-сатык, өндүрүш тармагындабыз, бир гана эжем мугалимдик кесипти тандады. Баарыбыздын соода менен алектенгенибиз атамдын идиш-аяк, кийим-кече, азык-түлүк жана башка товарларды алып сатып, киреше тапканы түрткү болсо керек. Ошентип мен да 5 жашымдан баштап соодага аралаша баштагам. Атама 35 сомго бир куту “Love Is” сагызын алдырып, 100 сомго сатып, ал акчаны беш жүз сом кылып чогултуп ата-энеме бергеним эсимде. Ошондо аз эле акчадан көп акча топтосо боло турганын түшүнгөм. Мен 5-класста окуп жатканда атам 37 жашында айыкпас оорудан улам каза болду. Мындан улам апама жардамчы болуп түшкө чейин сабакка барып, андан кийин дүкөндө иштечүмүн. Атам эмгекчил, ачык-айрым, эл менен тил табышканды билген инсан эле. Айылдаштарыбыз атамды аябай баалап сыйлашат. Алар мени көргөндө атам тууралуу айтып беришет. Бекеринен кыргызда “атамды көргөн өлбөсүн” деген сөз айтылып калбаптыр да. Айылга барып калсам сый-урмат менен тосуп алышат.

Максатым – ишкерлерди көбөйтүү. Алар көп болсо, өлкө да өнүгөт”

- Алдыга койгон максаттарым чоң. Учурда каражат жөнүндө сабактарды алып, Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө аз да болсо салым кошсом деген ниетим бар. Бала кезден мамлекетке пайдам тийсе деп кыялданчумун. Эми ал кезде депутат же президент болуп гана салым кошо алам деп ойлочумун. Мамлекеттин өнүгүшүнө жөнөкөй жаран болуп деле салым кошсо болот экен. Мен айылдан келгенде каржы тууралуу китеп алайын же бизнес тренинг, семинарларга катышайын десем студент үчүн баасы кымбат болчу. Башка өлкөлөрдөн атайын бизнес тренерлер келишет. Студенттердин мындай тренингге катышууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептен азыркы максатым - кыргыз элиме арзан баада тренингдерди уюштуруу. Жаңы бизнес баштайм дегендерге туура жол көрсөтүп, ошол адамдын ичинде катылган максаттарын тапканга аракет кылуу. Бизнес жаатындагы тажрыйбамды аз да болсо жаштарга бөлүшкүм келет. Максатым - өлкөдө ишкерлердин санын көбөйтүү. Ишкерлер көбөйсө, өлкөбүз да өнүгөт.

 

“Бизнести кичинекей каражат менен деле баштаса болот”

- Турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз Орусияга бардык. Ал жерге барганда менин боюмда бар, жолдошум жумуш таба элек болчу. Анан кошуналардан 100 рубль сураганга туура келди. Ошондо бирөөдөн карызга акча алып көнгөн эмесмин деп нааразы болуп, ушунчалык намыстандым, дарыканаларга пол жуугуч болсом да иштейин дедим. Бирок 4-5 айлык боюмда болгондуктан мени жумушка алышкан жок, мен ошондо азык-түлүккө ошончолук көп акча керектигин түшүндүм. Буга чейин өзүбүз магазин иштетип жүргөндүктөн бекер келип жаткандай эле сезилчү. Кийин Борбордук базар жакты караштырсам ижарага орун берилип жатыптыр. Ошол орунду алып иштетип баштадык. Карызга товар алып келип, сатууга кириштик. Ошентип тобокелге барып иштөөмө кичинемден соодада жүргөнүм себеп болду окшойт. Андан кийин мекенибизге кайтып, кийимдерди тигип, “Дордой” базарына сатып, Орусияга, Казакстанга жөнөтүп иштеп баштадык, ошондой эле аймактарда дагы дүкөндөрүбүз ачыла баштады. Башында 10 кийим тигүүчү машина менен баштаганбыз. Азыр эки цехибизде 150 адам иштейт. 95 пайыз товар экспортко кетет. Орусияга, Казакстанга жөнөтүлөт. Ишкерликти сөзсүз түрдө көп каражат менен башташ керек эмес.

Асел Алымбаева жолдошу менен

“Адам бир гана иштин профессионалы болсо жетиштүү”

- Бизнес кылууда бардык ишти өзүңдүн колуң менен жасаш же аткарыш башкы маселе эмес. Негизгиси идеяң дагы, миссияң дагы күчтүү болуп, командага ар тармактын мыктыларын тандай билиш керек. Өзүң программист, бухгалтер, конструктор, модель, дизайнер болуунун кереги жок. Анын баарын билем десең көп убакыт керектелет. Ошол эле учурда адам бир гана багытта профессионал болсо жетиштүү болот деп ойлойм. Көпчүлүк адамдар ушул жумуштун баарын аткарам деп, компаниянын өсүүсү менен алек болбой, компания аз убакыттын ичинде банкротко учурайт. Командаң канчалык күчтүү болсо, ошончолук бизнесиң жакшы жүрөт. Мен дагы биздин командага эң күчтүү деген эки конструктор-дизайнерди жумушка алдым. Алар кайсы кездемеден кандай моделдер жакшы чыга турганын баарын ойлонуштуруп иштеп чыгышат.

“Мен ишкермин” клубун негиздеп жатабыз

- 17-мартта “Мен ишкермин” клубунун ачылышы болот. Жеке ишкерлер клубун негиздеп жатабыз. Көпчүлүк жаштар мектепти аяктагандан кийин коомчулуктан өз ордун таба албай кыйналышат. Аларга биздин мектептин программасында каржылык боюнча кантип жашап кетиш керек, акчаны кантип пайдалануу керек, кантип жоктон бар кыла алабыз, ушул сыяктуу темаларда окутуп, үйрөтпөгөндүктөн ушул маселелерде кыйынчылык көрүшөт. Мына ушул багытта жаштарга жардам берүү максатында ушул жаш ишкерлер клубун ачууну чечтим. Биздин клубдун негизги максаты - жаштарга бизнес багытында билим берүү жана аларга туура жол көрсөтүү, тажрыйбалуу бизнесмендер менен жаш жаңы гана бизнес баштаган ишкерлерди жолуктуруу, тажрыйбасы менен бөлүшүү. Анда тренингдерди кыргыз тилинде өткөнгө аракет кылабыз. Анткени аймактардан келген жаштар көп. Ал эми аймактардагы жаштарга да маалымат жетүүсү үчүн НТС телеканалынан атайын теледолбоор даярдап жатабыз. Кимдин күчтүү бизнес идеясы болсо биздин программага катышып, өз идеясын ишке ашырганга мүмкүнчүлүк ала алат. Мисалы, Орусиядан же Казакстандан келген бизнес тренингдин баасы 100 доллардан кем болбойт. Буга бардык жарандардын мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан окутуунун баасын арзаныраак кылабыз. Баштапкы билеттердин баасы 1 200 сом. Клубдун ачылышына карата белгилүү бизнес тренер "Black Star Burger" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Илья Кусакинди алып келейин деп жатабыз. Анткени Орусия менен Кыргыз мамлекетиндеги бизнесте жалпылыктар бар. Эгерде мен ишкерлик тууралуу тренингдерге мурда катышканда 10 жылда басып өткөн жолумду 2-3 жылда басып өтмөкмүн деп ойлоп коём.

“Эч убакта бирөөнүн колдоосуна үмүт артпоо зарыл”

- Мен бирөөнүн колдоосун күткөндү жаман көрөм. Албетте, жолдошуңдун колдоосу керек. Бирок туугандарым жардам берсин деп күтпөш керек. Мен бирөөдөн бекер тамак жеп көнгөн эмесмин. Бардык нерсе үчүн төлөш керек. Көпчүлүк акча болсо бизнес кылат элем деп ойлойт. Бирок бизнес кылуу үчүн сөзсүз түрдө биринчи кезекте акча керек эмес. Биринчи орунда сенин идеяң, ага болгон жөндөмдүүлүгүң турат. Көп акча менен бизнес баштап деле бир эле учурда банкрот болуп калышың мүмкүн. Аз акча менен деле улам алдыга кадам таштап жатып бизнести өнүктүрүп алууга болот. Мисалы, Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин идеясын ишке ашыруу үчүн инвесторлор кезекке турушкан. Ошондой эле же Стив Жобс компьютерди ойлоп тапканда дагы инвесторлор өздөрү келишкен. Бизнеске кызыгууң болсо эртеңки күнгө калтырбай, бүгүн башташың керек. Аздан ишке ашыруу зарыл. Мисалы, мен жашоомдо 5 тепкичти бир алып кетем деп кайра биринчи тепкичке түшүп калчумун. Ошондуктан чоң акчаны кыялданбай, идеалдуу учурду күтпөй, эмне бар болсо ошону менен ишкерликти баштоо абзел.

“Тобокелге баруудан коркпош керек”

- Тобокелге барууну билүү зарыл. Мен көп жерден тобокелге барып, банкрот болгом. 50-60 миң доллар карыз болуп калган учурларым болгон. Бир эле учурда 30-40 адамга карыз болуп калгам. Бирок мен чөгүп кеткен жокмун. Кээ бир адамдар мындай учурда депрессияга түшүп кетет. Ошол учурда мен Дональд Трамптын карыздан кутулуу тууралуу системасы менен абалдан чыккам. Ар бир ишкер бир нече жолу банкрот болушу мүмкүн. Ишкерлик менен алектенем дегендер чечкиндүүлүк, эр жүрөктүүлүк сапатка ээ болуусу зарыл.

“Ийгилигимдин сыры максатка карай талыкпай, чарчабай алдыга карап умтулуумда болсо керек”

- Өзү канча ийгиликтүү бизнесмен болсо ошончо түрдүү ийгиликтин сыры бар. Бирок баарынын бир окшоштуктары бар деп ойлойм. Менин ийгилигимдин сыры максатка карай талыкпай, чарчабай алдыга карап умтулуумда болсо керек. Мен эч качан болду эми деп отуруп калган эмесмин. Банкрот болгон учурумда деле үмүтүмдү үзүп кол шилтеп койгон жокмун. Дагы бир сыр катары командама жумушчуларды алганда алардын өз ишин канчалык билгендигине эле карабастан, ал адамдын адамгерчилик мамилесине да карап алам. Адам канчалык адамгерчиликтүү болсо, ал ошончолук уяттуу болот. Уяттуу адам ар дайым жумушун жогорку деңгээлде жан дүйнөсү менен аткарат.

“Кичүү кызымдын мүнөзүн өзүмдүн мүнөзүмө окшоштурам”

- Улуу кызым 2-класста окуйт. Ал сүрөттү жакшы тартат. Келечекте дизайнер же сүрөтчү болот го деп ойлоп калам. Тартынчаак болуп калбасын деп азыртадан баштап аны актёрлук чеберчилик курсуна жаздырдым. Ал эми кичүү кызым 4 жашка чыгайын деп калды. Анын мүнөзүн көрүп, өзүмдүн кичинекей кезиме окшоштурам. Ал чыйраак, өзүнүкүн бербеген эптүү кыз. Мүмкүн менин жолумду жолдоп, ишкер болот, чоңойгондо көрөбүз.

Асел Алымбаева үй-бүлөсү менен

“Мен багындырчу ийгиликтер алдыда”

- Өзүмдү аябай ийгиликтүүмүн деп эсептебейм. Анткени мен багындырчу ийгиликтер алдыда. Ийгиликке жетиш үчүн талыкпаган эмгек, өзүңдүн максатыңды туура көрө билүү керек деп эсептейм. Тренинг-семинарларды уюштуруп баштаганыма саналуу гана айлар болгондуктан бул жаатта өтө билгичмин деп айта албайм. Жаңы бизнес баштайм дегендерге тажрыйбам жетсе керек. Анткени бизнести мен төрөлө электе эле кылып бир жакшы көрсөткүчтөргө жеткен бизнесмен агай-эжелерибиз бар. Бирок болгон күч аракетимди, болгон убактымды жумшап, Москвага, Казакстанга барып дүйнөлүк бизнес-тренерлерден сабак алып өз тажрыйбамды жогорулатып жатам. Алардан алган билимимди жаштарыбыз менен бөлүшсөм мен үчүн сыймык. Биздин Кыргызстаныбызда кыргыз тилдүү бизнес-тренерлер өтө аз, ошол себептен кыргызча бизнес жөнүндө маалыматтар пайдалуу болсо керек деп ойлойм. Акырындык менен дүйнөлүк деңгээлге жетсем деген максатым бар.

Асел Алымбаеванын Инстаграмдагы баракчасына бул шилтеме аркылуу кире аласыз. Ал эми “Мен ишкермин” клубунун Инстаграмдагы баракчасына бул шилтеме аркылуу кирсеңиз болот.

Байланыш телефондору: 0703 34 70 00, 0553 34 70 00.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(34)
22.02.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туптуура мен бизнесимди 5 мин сом менен баштагам. Чын туура айтат
22.02.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кенеш экен тел ном алсак болобу админ.
Бэ
22.02.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Munar92, саламатсызбы! Асел Алымбаева менен байланышуу үчүн номер - 0553347000
22.02.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец.... Мындан ары да дайым ийгиликтер коштосун
22.02.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сонун кенеш. Мыкты айым экен. Ийгилик.
22.02.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Издениш керек сынбаш керек. Мисалы мен коп байкайм бироо бир ишти баштап андан акча тушпой калса аны таштап башкага секирет ана дагы башкага секирет. Андай болбош керек аягына чейин курошуш керек ошондо ийгиликтин ташы оойт.
22.02.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен да ишкер болом буюрса!
23.02.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Medinaa,тилегине жет!
22.02.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ээ мен 5 эле сом м.н баштагам азыр Кудайга шугур байып кеттим. (Айта берет да акчалар оңой жол м.н келип жаткандан кийин азыркы учурда аз акча м.н бизнес баштоону элестетуу да кыйын кичине эле бутуңа турсаң жок Тынар айтмакчы)
century түзөттү 2018-02-22 17:50:17
22.02.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Канча иш баштайын деп аракет кылам бирок эч нерсе чыкпайт.абдан жакшы моивация экен.
22.02.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Молодец.менин планым мындайда.курак (кулбогуло)курап тошок жасагым келет.анан ошодон бизнес баштаса кандай болот.оюнар кандай.россияда турабыз.
23.02.2018. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kadyrym1,элдер коп сатып алатурган нерсени жасаш керек (кийим,бут кийим, ички кийим сыяктуу)
22.02.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен коп иш баштагам. Бирок кобунчо аша чаап ийчумун. Азыр ойлонуп журом эмне иш баштасам туура болот деп.
22.02.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Асел азаматсын биз Толуктуктар сени менен сыймыктанабыз. сен кичинекейинде эле окатка тын тырышчаак чыйраак кыз элен. бар болгула бай болгула. Улар экоон бала чакан менен бактылуу болгула. Асан Алымбаев
22.02.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мен жумуртка менен бизнес кылгым келет...6 сомдон сататго... ошолорду бышырып...10 сомдон сатып...
же тоок багып....
планым коп бирок....буйруса ишке ашырам..))*
22.02.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
а жакшы экен куйосунон кыйын экен
22.02.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эжеке аябай акылдуу экенсиз сиздей эжекелер коп болсун.мен да аябай кичинеменден бери бизнеске кызыгам азырда кызыгам.азыр 18 жаштамын.кудайым буюрса 2 жылда бизнес баштаймын.сиздин да ишинизге ийгилик...
22.02.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын карындаш!!!!Сиздей айымдар кобойо берсин ийгилик !!!
23.02.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асель эже алга,жанынызда колдоо корсотуп,туура кенешин берген Улар байке азамат.Тренди Ош.
23.02.2018. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынан да буттары жакты кыздын.
23.02.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишине ийгилик! Ооба раматылык атан абдан карапайым сылык жакшы адам эле,уйго коп келчу. Бактылуу болгула Фатима эжеге ысык салам.
23.02.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун тренингдерди кутобуз
23.02.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир ата бала жумуртканы 10сом дон алып 10сомдон кайнатып сатат экен, ошондо баласы айтыптыр/АТА БИЗГЕ ЭМНЕ ПАЙДА десе/атасы айтыптыр БАЛАМ А БИЗГЕ ШОРПОСУ КАЛТАТГО/дегег экен
23.02.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеа менен жондом-тон башка жолдуу (удачливый) да болуш керек.
23.02.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аселья молодец, сен башынан эле кыйын кызсын, кичинекей 5 рубльдык пакеттерге товар алып кетчусун.Ал кездеринди билем, сени ар дайым башкаларга мисал кылып айтам.Чонтогундо 1 сом акчасы жок келип, соода баштап, иштеп кеткен деп.Ийгилик сага чон -чон, сендей грамотный, эмгекчил кыз коро элекмин. Бар бол Аселья, бизди унутпа ар дайым.
23.02.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стив Джобс компьютер ойлоп тапкан эмес ал маркетолог менеджер болгон эч нерсени ойлоп тапкан эмес
15.03.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Targarien,Инженерлердин жасаганын сатууга жондомдуу болгон туура, бирок аларга идея берген да озу болгон.
10.03.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын. Good job! Мен Америкада бизнес кылам коп жылдан бери. Ал эми Кыргызстанга азыр баргым да келбейт чынын айтсам. Жалан эле рейдерлер бийликте. Кыргызстанга болсо ишкерлер учун кыргыз тилинде сайт керек, Business Insider ге окшогон. Бирок америкалык жана дуйнолук бизнес, технологиялык жанылыктар да болсо, анан латын тамгалары менен да версия болсо сонун болмок.Менде убакыт болсо,ошондой кылат элем, бирок башка бироо кылса, эгер жакшы сапатта болсо, анда ал популярдуу болот деп ойлойм.
10.03.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат ишине ийгилик
23.03.2018. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйдо бала менен эмне иш кылса болот
28.03.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен мен да ошондой ишкерликти каалап журом мумкунчулугун кутуп журом синдим сени мн кандай байланышсам болот экен.акылдуу кыздарыбыз кобойо берсин
07.09.2018. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжебиз жанылышат акча бар болсо бизнес,тамак-аш,кийим-кече жана башка адамга керектуу буюмдар пайда болот.Биринчиден ден-соолук керек андан сон баары болот.
24.09.2022. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, эмнеге форумду жок кылып салдынар?
06.02.2023. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: