super.kg logo

АКШнын президенти Дональд Трамп мугалимдерге курал берүүнү сунуштады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп кылмышкерлерден коргонуу максатында мектептин кызматкерлерине жана мугалимдерге курал берүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Трамптын мындай сунушуна Флорида штатындагы мектептердин биринин мурдагы окуучусу ок чыгарып, 17 адамдын өмүрүн алганы себеп болгон.

"Мугалим куралды жашыруун алып жүрөт. Алар атайын окутуудан да өтүүсү керек. Эгерде мугалимдерде курал болгондо кылмышкерлер мектепке баш бага алышпайт болчу. Мектептин коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн да куралды пайдаланганды билген, мурдагы аскер кызматкерин жумушка алыш керек. Көптөгөн эл бул сунушка каршы, бирок ал көбүнө жагат", - дейт Дональд Трамп.

Айта кетсек, президент куралдарды сатууда кардарларга уруксат берүү эрежелерин да күчөтүүнү көздөп жатканын айткан.

АКШда курал колдонууга уруксат берүү Конституцияга экинчи жолу өзгөртүү киргизилгенде каралган. Жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде америкалыктардын көбү куралдарды пайдаланууга уруксат алуудагы эрежелердин күчөтүлүшүн жактырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.02.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эми аларда балдар нервине тийсе атып салсын просто Америкада куралды эркин сатат жанында паспорт эмес айдоочулук куболук болсода сатаберет экен анан корунгон жинди алып атаберетда ойунду ойноп алып
22.02.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мугалимдер бири бири менен атышпаса болду.
22.02.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дональд да дөөдүрөп коет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: