super.kg logo

АКШда окуучунун мугалимге жазган каты социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды

 

АКШда окуучунун мугалимге жазган каты социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Бул тууралуу мугалимдин кызы өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялады.

"Апам эң сүйүктүү итибизди "уктатуу" тууралуу окуяны өтө оор кабыл алды. Бирок ал өзүнүн окуучусунан бул катты алган соң маанайы көтөрүлүп, көзүнө жаш алды", - деп жазган ал.

Каллум аттуу окуучу мугалимине сүйүктүү итинин өлүп калгандыгы тууралуу көңүл айтып, өзү ыр жазган. Ал ырында иттин жакшы сапаттарын санап, ал өзгөчө ит болгонун белгилеген. Каттын аягында Каллум мугалимине азыркы тапта ити асманда жакшы жашоодо жашап жаткандыгын айтып "сизге катым жакпай калса жана итиңизди эстетип маанайыңызды түшүрүп алсам кечирим сурайм" деген жазууну калтырган.

Аталган билдирүүгө 20 миңден ашуун адам "жакты" белгисин баскан. Ал эми интернет колдонуучулар баланы акылдуу, боорукер деп сыпатташып, Каллумга мыкты тарбия берген ата-энесине ыраазычылык билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
22.02.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын иничек ийгилик окууларына
23.02.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А жакшы болор бала экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: