super.kg logo

Базар-Коргондогу кандуу окуя. Бычакталган келин менен апасынын абалы оор (фото)

 

Базар-Коргон районунда бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылгандардын ичинен экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Базар-Коргон райондук ооруканасынын директорунун катчысы Розагүл Анарбаева билдирди.

"Учурда бычакталган жарандардын баарына операция жасалды. Ал эми келин менен анын апасынын абалы оор бойдон калууда. Себеби алар башынан катуу жаракат алышкан. Ал эми 6 жаштагы баланын абалы туруктуу", - деп билдирди Розагүл Анарбаева.

Бычактан жаракат алгандар 6 жаштагы М.М. (эркек бала), 40 жаштагы К.К. (эркек киши), 44 жаштагы М.У. (аял киши), 25 жаштагы Ж.кызы Г. жана 58 жаштагы Ч.Б. (эркек киши) аттуу Кызыл-Ай айылынын тургундары болгон.

Эскерте кетсек, окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда үйгө мас абалда кирип келген 1984-жылы туулган Б.Т. мурдагы аялы 1993-жылы туулган Ж.кызы Г.ны жана анын ата-энесин, 6 жаштагы баласын бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайган. Андан соң кылмышкер из жашырып качып кетип, эртеси эртең менен кармалган.

Кырсыктын кесепетинен окуя болгон үйгө коңшу жашаган 1983-жылы туулган Б.Т. бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми 5 адам ооруканага жеткирилген.


кошулду





Мас абалындагы жаран бычактаган кайнене-келиндин абалы оор

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(17)
22.02.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмне дешти да билбейсин... Жаман соз дагы жетпейт мындайларга.!Окунучтуу...
22.02.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Омур бою эркитинен ажыратылсын кучотулгон тартипте!
22.02.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Оор кылмыш кылгандардын бир колун кесип, тиягын бычып, анан оор жумуштарда иштетип курулуш ж.б талааларда, омур откучо кыйнап олуп кете турган кылуу керек. Бирок андай десен соттор да таза адилеттуу болуу керек. Куноосуз башка бироону соттоп салбай. Кыскасы олкого ото чон реформалар темирдей тартип керек.
22.02.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмне деген эле заман болуп жатат окуп алып журогун ооруйт го
22.02.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сабырсыздык...
Акыркы кундору адамзат нервный болуп баратабыз.
Же жетишкендик технологиянын таасириби
Zamka79 түзөттү 2018-02-22 17:23:52
22.02.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атын очкур жинди суу арактын кесепети да соо адам ошончосун бычактай алмак эмес не деген заманда жашап атабыз
22.02.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атуу керек!!! Өлкө боюнча "ичимдикти сатууга тыюу салынсын" - деп кол чогултуу боюнча, өкмөттүн атайын токтомун талап кылалы! Аларды өмүр бою эркинен ажыратып, кайра эле аларды мамлекет багып атпайбы...
22.02.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул алкоголь дегенди кадам сайын сатууга тыйуу салууга, кечки 8ден кийин саттырбоого, жашы жете электерге саткандарга айып пул толотууго, кол чогулткан киши болсо, элдин баары колдосо керек, биздин Чондор ушундай маселелерди караса болот да, Акаев деди, Бакиев минтти, Атамбаев антти деп отура беришпей. Кечээги кун мн эмес бугунку жана эртенки кун мн жашай баштасак болот эле
22.02.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар эмне болуп баратат тооба кылдым. Жаш балада эмне күнөө? ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-23 11:20:10
22.02.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкаачы, темирдей тартип мн жазаларды кучотпосо болбой калды, акмакты ото кыйноо мн олум жазасына тартуу керек.
22.02.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атын очкон арак куноолубу? Азыр жаш эле туруп баар нерв жукарып мындай жаман нерселерди оойлонбой жасап атататко.Сабырдуу бололучу.
22.02.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олумго тартуу керек башка соз жок.
23.02.2018. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым баарынарга шыпаасын берсин,батыраак сакайып кеткиле,окуп алып журогум тилинди,камакта омур бою чирисин,кудайым жазанды берсин,каза болгон кишинин жакындарына баарыныздарга сабыр тилейм,жайы жаннаттан болсун,Аллахым бейишинен орун берсин,ооруканада жаткандарга баарыбыз дуба кылалы аман-эсен сакайышып кетишсин.
23.02.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тартипти сакташ учун мындай зоокурлорду атып эле салыш керек. Башкаларгада сабак болот. Убагында чара корулбосо, ушуга окшош окуялар кайталана бериши мумкун.
23.02.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайларды елге салып бериш керек.камалып бекер тамак бекер жана женил жашоо жыргал еле болот
23.02.2018. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oshol ichimdikterdi olkodo satuuga tyiuu salsa bolboybu baary 100 gramdan bashtalat
23.02.2018. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атууга мыйзам жок ошондуктан өмүр бою жазасын алыш керек. Көздөрүн ойуп колдорун кесип салса да аздык эле.ЖЫРТКЫЧ адам эмес айбан жана айбан!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: