super.kg logo

Америкалык актриса Жулия Робертс күйөөсүн диета кармоого мажбурлады

 

Америкалык актриса Жулия Робертс ашыкча салмактан арылуу максатында диета кармай баштады. Аны менен бирге жолдошу, кинооператор Дэниэл Модер да диета кармоодо.

50 жаштагы Жулия Робертс "Бен кайтып келди" тасмасында башкы ролду ойногон. Тартылуу иштери аяктагандан кийин эркти топтоп, диета кармай баштаган. Анын тамактануу рационун жалаң жашылча-жемиштер жана жаңгак түзөт. Ал эми сүт, эт азыктарын, ундан жасалган тамак-аштарды тизмеден чийип салган.

Тамактануу эрежелерин бузбоо үчүн актриса жолдошунун дагы диета кармоосун талап кылган. Ал эми Дэниэл Модер дайыма бир калыпта жүргөндүктөн ага диета кармоонун кажети жок. Бирок Жулия ашканада туура тамактануу нормаларын сактап, кыска убакыт аралыгында салмак таштоо үчүн күйөөсүн дагы мажбурлоодо.

Өз кезегинде Дэниэл жубайы толук эмес экендигин, диета кармоого эч кандай негиз жок экенин айткан. Бирок актриса айтканынан кайтпай, койгон максатына жетүүгө аракет кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.02.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Обу жок неге диетага отурат жапжакшына эле турат,күйөөсүн анорексия кылып албаса эле ансыз да бет сөөктөрү билинип арык экен.
22.02.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын диетага отурганынын кыргызга эмне тиешеси бар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: