super.kg logo

Кара-Сууда айдоочу жаранды сүзүп кырсык болгон жерден из жашырып кеткен, жабырлануучу ооруканадан жан берди

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда айдоочу жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 21-февраль күнү саат 23:30 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун 12-чакырымындагы Мады айылынан унаа бир адамды сүзүп кеткен. Сүзүп алган адам унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткени белгилүү болду. Жергиликтүү айыл тургундары жаракат алган адамды ооруканага алып барышкан, жабырлануучу алган оор жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болду.

Каза болгон жаран Кара-Суу районунун Кабылан-Көл айылынын 1979-жылы туулган Б.С. аттуу тургуну экени аныкталган.

Учурда качып кеткен айдоочуну издөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.02.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качып кайда барасын.Куноонду мойнуна алып озун кел,жазан женилдейт.
23.02.2018. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадамжайда да 3.4жыл мурда 2кичинекей бир туугандарды олтуро сузгон машинаны тапкан жок.биздин ИИМ каякты карап отурат.ушинтип отура беришсе канча омур кыйылат.
23.02.2018. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура малымат бергиле, кабылан кол Алай районуна карайт
24.02.2018. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай районунда Кабылан кол дегер айыл бар.Кара сууда да Кабылан кол деген айыл барбы ким билсе айтып койгулачы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: