super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара өткөрүү бекетинде адам тыгыны жаралды. Ар бир адамдан 300-500 сомдон алынып жатканы айтылууда

 

Ош облусундагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинде жарым чакырымдык адам тыгыны жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, мындай абал дайыма болууда, кечинде адам тыгыны 1 чакырымга чейин жетүүдө. "Эртең менен саат 5:00дө келгенбиз, дагы деле кезегибизди күтүп турабыз. Өзбек тарапта каттоодо 6-8 кызматкер отурат, элди күттүрбөй тез-тез өткөрүп жатышат, ал эми бизде каттоодо 2 эле кызматкер отурат. Өзбек тарап акча албай өткөрүп жатышса, биздикилер ар бир адамдан 300-500 сомдон алып жатышат. Биздикилер да каттоо штатын көбөйтүп койсо мындай тыгындар болбойт болчу", - дейт окурман.

Эске салсак, бир ай мурун Өзбекстандын тургундары Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара өткөрүү бекетинде кезек күтүү көйгөйү жаралгандыгына нааразы болушкан.

Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара өткөрүү бекети өткөн жылдын сентябрь айында ачылган. Анда эки өлкөнүн жарандары чек арадан өтүү үчүн кошумча документтерди даярдабай тургандыгы белгиленген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
24.02.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстанымда аба ырайы сооонун гооо.Сагындым сени туулган жерим.
24.02.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa,Сагынсаң кел дааа☺
24.02.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
toolos1982,ошо мен да баргым эле келет чөнтөк өлгүр толбой атпайбы☺☺☺☺☺☺☺☺
24.02.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa, Чонток олгондо кара топрак менен толот атак толбойт, ошого келе бер каражан))))
24.02.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен отуп кордум акча сураган жок бирок тыгын чон кыргызстандан посту жетишпейт жатат
24.02.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошончолук көп өтүшөбү өзбектер
24.02.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
tmttmt,менимче озбек тууган арызданго озбек тарап акча албай тез откоруп жатат дегенине Караганда
24.02.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ачпаш керек болчу озбектерди киргизбеш керек эле
24.02.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ayjamal13021989, Кара-Суу базарына товарга отушот. Базар башта солгундап калган азыр жанданды. Ачканы жакшы.
24.02.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адамдан акча алган босонор уолгон экен сынер
24.02.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул кылганы туура эмес акча албай эле откорушсо болмок кандай болдук жакында эле казактар ушундай ыкма колдонсо баары бир коншубуз сый менен болуш керек супер жанакы микро чёрный депутат эмне болду улуту казак
24.02.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ватат тууру кыласынар сумдан алгыла туугандардан портер койуп алып сумду портерге саласынар
24.02.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачканы жакшы бирок озбек туугандар ото эле коп келип жатышат карасуу базарына..телевизор холодильник деген нерселер карасуу базарында калбады окшойт..баарын ташып кетишти..
24.02.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачпаш керек болчу.Эми фуралары кытайга түз киргенге уруксат берди.Көрөбүз ошондо Кара Суу базары жанданбай эле өлөт.Азыр кытайдын товары биз аркылуу гана өтчү эле эми өздөрү прямой тартат.Черешня дагы өздөрү биз аркылуу Россияга тартат.Кыскасы бийлик элдин ырыскысын кести.Өзүбүздөгү помидор бадыраң койчу биздин дыйкандар да кыйналат.
24.02.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага демек 1000-2000сомдон алгыла...башка эмне дейт элек...колдон эмне келет..
24.02.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы деле тормозить эткен кыргыз чегарачылары, баякы эле аэропорттода тормозить эткен кыргыз чегарачылары, бир пасспортту экоосу башын бириктирип алып бир саат карашат. С.Исаков ушул авто жол чекара откормолорунода барса болмок, анан Ош аеропортунада. Азыр чегара кызматына супеп.инфо чалып достуктун абалы ушундай экен деп сурашса, тигилер кымырабай туруп "Эч кандай туйшук жок ал жакта" деп жалганды суйлошот эки жуздуулоп.
24.02.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол алып жаткан 300-500 сомдорун бир айласын таап видеого тартып анти корпорация кызматына анан инетке таратып ийсенер чегарачылардын жузу ачылмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: