super.kg logo

Анжелика: "11 айдан бери кыздарым менен эле жашап жатам. Биздин эки бөлөк кеткенибиз кыздарыма эч кандай таасирин тийгизбейт"

 

Ырчы Анжелика буга чейин жолдошу менен таарынышып жүргөнүн, ажырашуу максатында арыз бергенин айткан эле. Кийин "жолдошумду коркутуу максатында арыз жазгам" деп мындан аркы жашоосу туурасында ачык айткан эмес. Бул тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй оюн билдирди.

"Жаңылбас жаак болбойт демекчи, буга чейин "коркутуп койдум, таарынганымдан ажырашууга арыз жазгам" дегем. Баарын убакыт таразалап, өз ордуна коёт деп жашообуздун мурунку калыбына келишине үмүттөнгөм. Бирок бири-бирибизди түшүнө албай калдык көрүнөт. 11 айдан бери кыздарым менен эле турам. Ошого карабай үй-бүлөлүк майрамдарда чогулуп, кыздарыбызды туулган күнү менен куттуктап, келген конокторубузду чогуу узатып жатабыз. Ошол себептен биздин эки бөлөк кеткенибиздин кыздарыбызга эч кандай таасири тийбейт. Мурункудай эле апасынын, атасынын жанында, эч нерседен өксүбөй өсүшөт. Биз канча чогуу жашасак, мен ал күндөргө ыраазымын.

Ортого жаман сөз ташып, үй-бүлө ортосуна жарака кетишине салым кошкон айымды кечирдим. Бир жыл мурун белгилүү инсан менен өзү тарткан сүрөттү мени шылдыңдап элге жайылткан айым бүгүнкү күнгө чейин мага өчөшкөнүн койбой келет.

Кылган ишине кайсы бир күнү жооп берчү мезгил да келет. Маңдайга жазган тагдырдан эч кимибиз качып кутула албайт окшойбуз. Бузулган жолду жаңыдан куруп алып кетишиме күчүм жетет", - дейт Анжелика.






Анжеликанын жолдошу менен ажырашуу боюнча арызы 6-март күнү сотто каралат

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(38)
24.02.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Көз тийип кетти окшойт чамасы бул үй бүлөөгө.
24.02.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Чымчыктын да уясы бузулбасынчы. Анжела кучтуу бол жарашкылачы
24.02.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Июльда укмуш той берди элего, бактылуумун деп,11 айдан бери дегенине тушунбодум.
24.02.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
rejepova,экөө мындай сүйлөшүп, жоолугуп келип кыздарын көрүп турат окшойтко сыягы. Просто чогуу жашабайт окшойт.
24.02.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Экөөнүн жарашып, кайрадан бактылуу өмүр сүрүшүнө тилектешмин.
24.02.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Алладан дуба кылгыла алла берет жардамды эл сын пикир айтат аны да туура кабыл алгыла
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: