Өзбекстанда Нооруз майрамына карата 5 тонна сүмөлөк жасалат
Өзбекстанда Нооруз майрамына карата 5 тонна сүмөлөк жасалат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Өзбекстандын Наманган шаарында Нооруз майрамына карата бир казанда 5 тонна сүмөлөк жасала тургандыгы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, "чоң сүмөлөккө" 2 тонна ун, 1 тонна май, 450 килограмм жүгөрү уну, 50 килограмм нават кете турганы айтылууда. Сүмөлөк 2017-жылы 8 тонна палоо басылган казанда даярдалат.
Иш-чараны Наманган шаарынын жергиликтүү бийлиги уюштурат. Сүмөлөктү даярдоо облустун 25 айымына тапшырылган. Даяр болгон сүмөлөк шаардын жашоочуларына, конокторуна таратылат. Ошондой эле сүмөлөк облуста жайгашкан карылар үйүнө, балдар үйүнө жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
23:41
2025-07-03
Рейтинг:
4

Бир нерсе болсо эле Чубак айтты деп басып журушот. 30 миллион калкы бар Озбекистан менен 80 миллион калкы бар Туркия майрамдап жаткан сон, буларда Чубактан кучтуу аалым жокпу деп ойлонуп да коюшпайт.
Чубак ажы сага коргон тушун айтып жаткан жери жок.
Шариат тыюу салган нерселерди айтат.намаз окубасан,башкаларга да зыянынды жеткирбей оз арабанды тарта бер да.