super.kg logo

"Бишкекте эки кыздын зер буюмдарды уурдагандыгы видеобайкоого түшүп калган, анын баасы 75 миң сом болчу" дейт дүкөндүн ээси

 

Бишкекте эки кыз зер буюмдарды саткан дүкөндөн алтын сөйкө жана шакекти уурдап кетти. Бул тууралуу дүкөндүн ээси SUPER.KG'ге 26-февралда кабарлады. Бул фактыны милиция да тастыктап, арыз түшкөнүн айтты. Учурда Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобу тарабынан иш териштирилип жатат.

Дүкөн ээсинин айтымында, 24-февраль күнү саат 13:37 чамасында эки кардар кыз дүкөнгө кирип келип, ал алагды болуп калганда сөйкө жана шакекти уурдап кетишкен. Зер буюмдар кимдер тарабынан уурдалганы дүкөнгө коюлган видеобайкоого түшүп калган.

"Дүкөнгө эки кыз кирип келип "апабыз 50 жашка чыкты, белекке бергенге кандай зер буюмдарыңыз бар?" деп 1 миң 500 долларлык моюнга таккан алтын чынжырларды карап, кийин "банкоматтан акча алып келели" деп кетишкен. Бирок мен ошол учурда жаңы келген товарларды жайгаштыруу менен алектенип калганда алар витринага кол салып 75 миң сомдук алтын сөйкө жана шакекти уурдап кетишиптир. Кыздардын уурулук аракети видеобайкоого түшүп калган. Дароо ал видеону социалдык баракчаларга жайгаштырып, кыздарды тааныгандар болсо кабарлап коюуну өтүнгөм. Эртеси эртең менен аларды тааныган кыздар мага жазып, алар буга чейин да ушундай уурулук кылып жүрүшкөнүн айтышты. Кыздар Тогуз-Торо районунан болушат экен. Байкеси да чалып "төлөп берем, видеолорду өчүрүп койгулачы" деп суранды. Андан кийин уурулук кылган кыздар өздөрү балама телефон чалып бүгүн түшкө чейин төлөп бере турганын айтышкан. Бирок келише элек, телефон номерлери өчүк болуп жатат", - деди дүкөндүн ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
26.02.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят , ушинтип уурулук жол менен эненерди куттуктабай эле койгула.Кыздар минтип уурулукка барышса, баласын мыкаачылык менен сабашса, төрөп таштап жатышса ушундай кыздардан кандай балдар
26.02.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Видеону каяктан корсо болот
26.02.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ видеосунда жуктоп койсонор
27.02.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шерменде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: