super.kg logo

Ош ОИИБи: "Кара-Сууда жарандын өз үйүнөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылды"

 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринен 54 жаштагы эркек кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришти.

"25-февралда Кара-Суу районунун Шарк айылындагы үйлөрдүн биринен 54 жаштагы адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү боюнча Кара-Суу РИИБине маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-териштирүү тобу эркек киши кимдир-бирөөлөр тарабынан каза болгонун аныкташкан. Ал башынан катуу жаракат алганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмышка шектүүлөр изделип жатат.

Ал эми каза болгон жаран Орусияда иштеп жүрүп, 2017-жылдын ноябрь айларында мекенине келген. Жубайы Түркияда эмгектенет. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, маркум ошол күнү үйүндө жалгыз болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
26.02.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
.билген эле бироо кылганда.Россиядан акча мн келди деп киргендир.эми бир озу бир жана бир Алла билетта.жайы жанаттан болсун..
26.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
evidens,ноябрдан бери акча деле түгөндү да. Башка маселе болушу мүмкүн.
26.02.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар эмне болуп баратат
27.02.2018. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уйдо жалгыз калгандан да корко турган болдук го,тообо кылдым азыр бироону олтургондон деле коркбой калышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: