super.kg logo

Депутат "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасынын орун басары Казак жараны эмеспи?" деп кооптонууда

 
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасынын орун Эрали Козубаев бул кызматка келгенге чейин коңшу Казакстанда көп жылдар бою "Кока Кола" компаниясында эмгектенген.

Бүгүн, 26-февралда Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда депутат Аида Касымалиева "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиевдин орун басары Казак жараны эмеспи деген кооптонуусун билдирди. Касымалиева Калиевдин төрт орун басарынын өмүр баянына жана адистигине кызыкты.

"Кат жазып, ошол төрт орун басарыңыздын эмгек китепчесинин көчүрмөсүн бере аласызбы? Мен таанышуу учурунда алардын эмгек китепчеси менен таанышкым келет. "Кока Колада" иштеген орун басарыңыз он жыл Казакстанда иштеп туруп эле Кыргыз өлкөсүнө келип жогорку кызматка дайындалып калыптыр. Бизде мыйзам буга жол береби? Менин билишимче, бизде беш жылдан кем эмес иштеши керек. Анда Казакстандын жарандыгы жок беле? Ошондой чоң ишкана Казакстанда Кыргыз жарандыгы менен ала беришеби?" - деп суроо салды Касымалиева.

Калиев мыйзам жол берсе, бул маалыматтарды бере турганын айтты.

Белгилей кетсек, "Улуттук энергохолдингдин" расмий сайтында берилген маалыматка ылайык, бул мекеменин төрагасынын үч орун басары энергетика тармагына тиешеси жок башка кесиптин ээлери. Орун басарлардын бири Бакыт Эсенбаева кесиби боюнча инженер-химик-технолог, кийин финансы жана кредит боюнча адистигин бүтүргөн. Дагы бир орун басары Эрали Козубаев айыл чарба жана жарандык курулуш кесибине ээ. Ал эми дагы бир орун басары Нурбек Токолдошев адистиги боюнча экономист.

"Улуттук энергохолдингди" кесиби боюнча инженер-электрик Айбек Калиев жетектейт. Ал эми анын биринчи орун басары кызматында кесиби боюнча инженер-электрик Нурлан Садыков иштейт. Депутаттын кооптонуусун жараткан "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасынын орун басары Эрали Козубаев бул кызматка келгенге чейин коңшу Казакстанда 10 жыл "Кока Кола" компаниясында эмгектенген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми туштон кийин, бири биринерди андып отура бергиле, мунун жарандыгы бар, аныкы жок деп. Иштеш керек иштеш, алдыга жылыш керек, чукушуп отура бербей. Тан каласын, биздин келечегибиз ушундай адамдардын колунда болсо алыс барбайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: