super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Эрнест Абдыжапаров туулган күнүндө шерине өткөрө турганын айтты

 

Бүгүн, 27-февралда режиссёр Эрнест Абдыжапаров 57 жашка толду. SUPER.KG порталы режиссёрду куттуктоо үчүн байланышканда, бүгүнкү күнгө койгон пландары менен бөлүштү.

"Биринчи жолу туулган күнүмдү 10-класста классташтарымды конокко чакырып белгилегем. Андан кийин студент кезде да шаан-шөкөт менен өткөрүп, бирок кийинчерээк маани бербей деле калгам. Азыр интернет өнүккөн заманда кимдин туулган күнү экени ачыкталып калып жатпайбы. Мындан улам куттуктоолор көп болуп жатат. Классташтарым менен 4 жылдан бери шеринебиз бар. Бүгүн туулган күнүмдү шерине өткөрүп, белгилейм", - дейт режиссёр.

Эрнест Абдыжапаров 1961-жылы 27-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогикалык институтун аяктап, мектеп мугалими болуп эмгектенген. 1988-жылы "Көрөгөч" киножурналынын директорунун ордун ээлеген. 1992-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясынын редактору, кийинки жылы жаштардын "Умай" чыгармачылык фондун жетектеп баштаган. Ал эми 1999-жылы Эрнест Абдыжапаров өзүнүн студиясын ачып, жетектей баштайт. 1999-жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз өлкөсүнүн кинематографисттер союзунун секретары, 2001-жылдан 2002-жылга чейин "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору болуп эмгектенген.

27-февралдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: