Ысык-Көл. 15-июнда Пристань-Пржевальск шаарчасындагы көл жээгинин ачылышы болот
Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск шаарчасындагы көл жээгинин ачылышы 15-июнда болот. Бул тууралуу Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди. Маалыматка таянсак, иш-чарада жаштар арасында волейбол, футбол, кум үстүндө күрөшүү жана башка спорт оюндары уюштурулат. Мелдештеги жеңүүчүлөр мэрдин кубогу, диплом, медалдар менен сыйланышат. "Мындан сырткары иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ага шаардык Маданият үйүнүн кызматкерлери катышат”- дейт Орозова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

