super.kg logo

Маданияттын бир нече кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болушту

 
Каныбек Жунушев, жазуучу
Талант Огобаев, сүрөтчү
Садык Шер-Нияз
Бакытбек Турдубаев, сценарист
Мурат Алиев, оператор
Назира Мамбетова, актриса

Маданияттын бир нече кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-февралда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков маданият кызматкерлерине Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгын тапшырып жатып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.

"Сиздерге сыйлык тапшырып жатканыма сыймыктануудамын. Ар бириңиздер өзүңүздөрдүн эмгегиңиздер, чыгармачылыгыңыздар менен Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытып жатасыздар", - деп билдирди Исаков.

Адабият, искусство жана архитектура жаатында сыйлык алгандар:


- Каныбек Жунушев, жазуучу - "Күн чубак" ырлар жыйнагы үчүн;

- Талант Огобаев, сүрөтчү - "Сүйүү космосу" картинасы үчүн;

- Садык Шер-Нияз, режиссёр, сценарист - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасы үчүн;

- Бакытбек Турдубаев, сценарист - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасына жазган сценарийи үчүн;

- Мурат Алиев, оператор - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасы үчүн;

- Назира Мамбетова, актриса - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасындагы ролу үчүн;

- Элина Абай кызы, актриса - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасындагы ролу үчүн;

Сыйлыкка ээ болгон Жогорку Кеңештин депутаты, "Курманжан датка" фильминин режиссёру Садык Шер-Нияздын айтымында, өнөр адамдары үчүн Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктан өткөн бийик даражадагы сыйлык жок.

"Маданият кызматкерлеринин эмгегин баалап, өз убагында көңүл бургандарга ыраазычылык. Кыргыз эли дүйнө жүзүнө башка жагыбыздан тааныла албасак да, өзүбүздүн маданиятыбыз, каада-салтыбыз менен тааныла алабыз. Ал үчүн маданият кызматкерлерине өз убагында көңүл буруп, колдоо көрсөтүп туруу керек", - дейт эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
27.02.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абай кызы келген эмес го э
27.02.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"КУРМАНЖАН ДАТКА" көркөм тасмасын түзүүчүлөрдүн Токтогул сыйлыгын алышканына кубануу менен куттуктаймын!
Баягы жылы минтип жаздым эле...

"«КУРМАНЖАН ДАТКА» ФИЛЬМИНЕ...

Албаган менен Оскарды,
Ысык – Көл, Нарын, Чүй, Талас,
Жалал – Абад, Баткен, Ошту алды..."

Барс түзөттү 2018-02-27 16:14:38
27.02.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алмаз Шадаев аттуу жаш ырчы "Жаркырасын Кыргызстан" аттуу кооррупционер чиновниктер жон-до сонун клип тартыптыр.Супер Инфо ошол клипти чыгарып коюшунуздарды суранабыз.Калган Атамбаевтик телевидиниялар бул клипти тарттырбай жатат экен.
27.02.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маданият кызматкерлеринен куудулдарга да сыйлык берип койсо жакшы болмок.
28.02.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина Абай кызынын да сыйлык алып жаткан фотосун чыгарып койбопсуздар да
28.02.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырыс жоомартовага дагы бергиле капа болуп журбосун
03.03.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлык ээлерин куттуктайм.Токтогул сыйлыгы эң жогорку сыйлык да.Элинанын ушул жашында бул сыйлыкты алганы таң калууну жаратат экен,балким,чын эле татыктуудур.Мурда бул наамды алыш оңой эмес болчу да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: