super.kg logo

2018-жылы "Apple" компаниясы 3 жаңы телефон чыгарат

 

Америкалык "Apple" компаниясы 2018-жылы IPhone телефондорунун 3 жаңы моделин чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаңы моделдердин бири компаниянын тарыхындагы эң чоң диагоналдуу телефон болот. 1-модель iPhone X'дун жаңыртылган версиясы болсо, 3-модель бюджеттик версияда, арзан телефон боло турганы айтылды. Божомолдор боюнча, экраны чоң телефондун тышкы келбети iPhone 8 Plus'тукундай болуп, 2 сим-карталуу болот.

Ошондой эле бардык жаңы моделдер Face ID ээсинин жүзүн таанып иштей турган функциясы менен камсыздалса, экрандын өлчөмү телефондун жалпы бетин ээлейт. Жаңы телефон жана iPhone X'дун жаңыртылган версиясы алтын вариантында чыкса, бюджеттик версиядагы телефонду баасын арзандатуу үчүн тышкы келбетин жана дисплейди жеткиликтүү аналогдор менен алмаштырышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча жаңы телефондор жөнүндө "Apple" компаниясы 2018-жылдын күз мезгилинде жар салат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.02.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2 сим колдогон смартфондор заман талабы экенин акыры моюнга алышыптыр да Аpple. Самсунг, LG, Huawei жана башка өндүрүүчүлөр дүйнө базарын ээлеп алышты 2 сим смартфондору менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: