super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасы менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Кыргыз депутатынын кармалышын талкуулашты

 

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия+Вышеград тобу" жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын ТИМинин башчысы Кайрат Абдрахманов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн дипломаттары Кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Алматыда кармалышы боюнча маселени талкуулашты.

"Министрлердин жолугушуусунда Кыргыз-Казак ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу талкууланды. Мындан сырткары Кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы, анын жарандыгы, улутуна байланышкан маселелер сүйлөшүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: