super.kg logo

Францияда чиновниктер үйү жок адамдарга жакын болуп, коомчулуктун көңүлүн аларга буруу үчүн көчөдө укташат

 

Францияда чиновниктер үйү жок адамдарга жакын болуп, коомчулуктун көңүлүн аларга буруу үчүн көчөдө укташат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Францияда 50гө жакын чиновник туруктуу жашаган жери жок адамдар менен чогуу көчөдө бир түн бою укташат. Бул акциянын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн үйү жок адамдарга буруу. Мындай демилгени Париж шаарынын мэринин орун басары Эсон Мама Си социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Өткөн жылы Францияда жалпы 500 адам туруктуу жашаганга жери жок болгондуктан тоңуп өлүшкөн. Ал эми 2018-жылдан бери Парижде гана 13 адам каза болду. Мындан улам 50гө жакын чиновник сыртта, Аустерлиц бекетинин жанында бир түн уктап көрүшөт", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, февраль айынын ортосунда Парижде "Тилектештик түн" аталышындагы акция өткөн. Анда туруктуу жашай турган жери жок адамдарды тизмеге алышкан. Уюштуруучулардын билдиргенине ылайык, өлкөнүн борборунда жалпы 5 миңден ашуун адам көчөлөрдө жашайт. Алардын жарымынан көбү кыш мезгилинде атайын уюштурулган жайларга барып укташса, калганы суук аба ырайына карабай эшикте күн кечиришет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
28.02.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Биздин чиновниктер маршруткага түшкөндөн уялып жүрүшөт,көчөдө түнөгөн мындай турсун.
28.02.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
"бизде" деп баштагыла.
01.03.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темасын окуп алып, шашып кире калыптырмын "чын бекен же тамашабы"деп? Баракелде. Админ анан ушул акция убагында ишке аштыбы? Ашса кандай отту? Кийин бизди кабардар кылып койсонуздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: