super.kg logo

Түндүк Кореянын лидери Бразилиянын паспортун колдонгону маалым болду

 

"Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын жана анын атасы Ким Чен Ир 1990-жылдары алдоо жолу менен алынган Бразилиянын паспортторун колдонуп жүрүшкөн", - деп бүгүн, 28-февралда "Рейтер" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, документтер Батыш өлкөлөрүнө виза ачуу үчүн берилген.

Түндүк Кореянын башчыларынын жасалма паспорттогу ысымдары Йозеф Пхак (туулган жылы, күнү - 1983-жыл 1-февраль) жана Ижонг Чой (1940-жыл 4-апрель) деп катталган. Ал эми туулган жери деген бөлүгүндө Бразилиянын Сан-Паулу шаары жазылган. Ошондой эле паспортто Прагадагы Бразилиянын элчилигинин 1996-жылдын 26-февралына карата штампы коюлган.

Бул жасалма паспорттор менен Бразилия, Япония жана Гонконг өлкөлөрүнө барууга уруксат берилерин чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Азырынча жасалма паспорттор менен виза ачылганы тууралуу так маалыматтар жок.

"Ал эми Бразилиянын Тышкы иштер министрлиги паспорттун көчүрмөсүнүн негизинде териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бразилия тарап бул документтер жасалма эместей көрүнгөнүн айтып, башка адамдарга жасалганы анык деп билдирүүдө.

Бразилиялык паспортторду өлкө лидерлери саякаттоо үчүн гана эмес, мамлекетте чукул кырдаал чыгып кала турган болсо өлкөдөн чыгып кетүү кызыкчылыгы үчүн алган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары чет өлкөлүк басылмаларга таянсак, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын бала чагында Токиого барган, ошондой эле ал Швейцариянын Берн шаарындагы эл аралык мектепте элчиликтин айдоочусунун уулумун деп билим алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.02.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атасы экөөбү өздөрүн ойлошкон экен да. Биздин чиновниктер да ошондой кылып жатышатко! Өздөрү билишип өтүктөрүн төргө илишип таң калыштын кереги жок!Чоң кызматтагылар башка жарандык алгандар тымызын жаман иш кылышат экен да бир нерсе болсо качканга! А бирок ишенген өлкөсү кармап алды ошол аз биздин жепжутаттар га!
28.02.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элинин акчасын жешип Паспорт алышып чет жактан уй алышып бир нерсе болсо качганга дайрданышат ошончу буларга барибир байгы эле карапйым элге кыйын
28.02.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул корунуш Кыргыздын чондорунда да далай кездешсе керек.
Болгон элдин аачасын жеп, четтен уй жай алып, балдарын чартандатып дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: