super.kg logo

Ысык-Көлдө орусиялык 9 жаштагы турист кызды кар көчкү басып калды

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 9 жаштагы орусиялык кызды кар көчкү басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Москва шаарынан келген үй-бүлө 24-февралдан тарта жергиликтүү эс алуу жайында жашап жаткан. 28-февралда саат 10:00дөр чамасында алар үй-бүлөсү менен жалпы 5 адам лыжа тебүү үчүн тоого чыгып кетишет. Алар базадагы эң жогорку чокуга чыгышып, лыжа тебүүгө даярдалган жолго салбастан, тоонун лыжа тебүүгө кооптуу эсептелинген боору менен ылдый түшкөн. Алар тоо этектеп лыжа менен бара жаткан учурда саат 15:00дөр чамасында баарын кар көчкү басып калган. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн төртөөсү өз алдынча кар көчкүдөн чыгышкан, бирок 9 жаштагы кыз кар көчкүнүн алдында калып, анын жансыз денесин алып чыгышкан.

Андан сырткары, учурда каза болгон кыздын денеси өлүк сактоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалганын да кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.03.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кар кочку басып каза болсо а эмнеге экспертиза даядашты
01.03.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks94.kb, может башкача болуп олгон, экспертиза ошол учун
01.03.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым сакта бей ажал өлүмдөн,эл жүргөн жактан эле лыжа тепсе болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: