super.kg logo

Дүйнөдөгү миллиардерлердин саны 2017-жылы 437 адамга көбөйдү, алардын ичинде 21 жаштагы кыз да бар

 

Дүйнөдөгү миллиардерлердин саны 2017-жылы 437 адамга көбөйүп саны 2 миң 694 адамга жетти. Мындай жыйынтыкты "Hurun Research Institute" уюму өзүнүн интернеттеги расмий баракчасына жарыялады.

Планетадагы эң бай адам деп "Amazon.com" интернет компаниясынын жетекчиси Жефф Безос аталган. Анын байлыгы 123 миллиард долларды түзгөн.

Экинчи орунду америкалык ишкер "Berkshire Hathaway" компаниясынын жетекчиси Уоррен Баффет 102 миллиард доллар байлыгы менен ээлеген.

Ал эми үчүнчү орунга "Microsoft" ишканасынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 90 миллиард доллары менен жазыла алган. Анын артынан эле Фейсбуктун "атасы" аталган Марк Цукерберг өзүнүн 79 миллиард доллары менен турат.

Кытай дагы да болсо миллиардерлер эң көп жашаган өлкө бойдон калууда. Уюмдун берген расмий маалыматына таянсак АКШда 571 миллиардер жашайт, ал эми Кытайда дүйнөнүн алдыңкы 819 бай адамы жашайт. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 210 миллиардерге көп. Жалпы эсеп менен алганда Кытайда жана АКШда дүйнө жүзүндөгү миллиардерлердин жарымынан көбү жашайт. Бай адамдардын борбору аталган Пекинде 131 миллиардер жашаса, Нью-Йоркто 92 бай адам жашайт.

Кытай жана Азиянын эң бай адамы болуп "Tencent" телекоммуникация ишканасынын жетекчиси Пони Ма аталган. Анын байлыгын эксперттер 47 миллиард долларга баалаган.

Өткөн жыл Индия өлкөсү үчүн дагы мыкты жыл болгон. Анткени өлкө өзүнүн 131 байы менен эң көп миллиардерлер жашаган өлкөлөрдүн 3-сабына жазыла алган. 4-орунду 118 миллиардери менен Британия алса, 5-сапта 114 миллиардер жашаган Германия турат.

Ал эми Орусия 7-орунда турат, азыркы тапта аталган өлкөдө 71 миллиардер жашайт, алардын 62си Москва шаарында. Орусиянын эң бай адамы деп "Северсталь" ачык акционердик коомунун жетекчилер кеңешинин башчысы Алексей Мордашев өзүнүн 20 миллиард доллары менен аталган.

Белгилүү болгондой, айымдар дүйнө миллиардерлеринин 15 пайызын түзөт, тактап айтканда, алардын саны 184кө жетет. Дүйнө жүзүндөгү эң бай айым деп "Wal-Mart" компаниясынын негиздөөчүсүнүн мураскери 68 жаштагы Элис Уолтон өзүнүн 48 миллиард доллары менен аталган.

Бай айымдардын ичинен 85 айымдын жашы 40 жашка жете элек, алардын 47си өзүнүн миллиарддаган байлыгын өз алдынча табышкан. Эң жаш миллиардер кыз 21 жаштагы норвегиялык Александра Андерсен, ал атасынан 1,3 миллиард доллар мураска алган.

Ал эми өз алдынча миллиардер деген статуска жетишкен деп 27 жаштагы "Stripe" төлөм системин негиздеген америкалык жана ирландиялык ишкер Жон Коллисон аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.03.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ЭСептеп эле отура берет экенбизда биз

.
01.03.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоноп кетпегиле эми
01.03.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин чондор ушуларга жетели деп жатышкан го, була баары мамлекеттик кызматта эмес, жеке ишканалары менен байыгандар.
01.03.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslanz,так что убара болбой эле койгула все равно жетпейсинер дейсинби
01.03.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, миллиардер эмес, миллионер болуп алсаң эле жетишет өзү.
01.03.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кедей байга бай кудайга деп бекер айтылбаса керек биздин чондор буларга жетем деп жеп жутуп жатышатта мамлекеттин акчасын
01.03.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде деле бар беле мулти долларовой миллиардер мактанып салды элего мурда эле
03.03.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ее селер билбейт екенсинер дуйно жузундогу байлар кыргызстанда жашайт мурунку шефтин байлыгы
97 миллиард долары бар екен
бабановто 45 милиард бар екен
03.03.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын миллионер-миллиардерлерин аныкташ кыйын,баарыныкы жашыруун байлыктар.Тууганына,досуна,таанышына жазып койгон....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: