super.kg logo

Коңшусу тарабынан мууздалган аялдын кызы: "Аны мындай кылмышка барат деп ойлогон эмеспиз"

 

Бишкек шаарында коңшусу зордуктап, кийин мууздап салган аялдын кызы шектүү мурда жакшы эле адам болгонун, мындай кылмышка барат деп ойлобогондугун айтат.

Анын айтуусуна караганда, апасынын жансыз денесин алгач сиңдиси менен күйөө баласы көргөн.

“Ошол күнү кечке маал апама телефон чалсам албай койду. Кийин сиңдиме телефон чалып, мен жумуштан кеч чыгып калат экенмин апамдан кабар алып койчу дегем. Сиңдим күйөөсү менен үйгө барса эшиктер ачык, апам жок экен. Ал сарсанаа болуп издей баштайт. Сиңдим кошунаныкына чейин издеп барып, үйүнө кирсе эле апамдын жансыз денеси жатыптыр. Ал адам апам менен 5-10 жылдан бери жакшы эле кошуна болуп жашап келген. Бирок мындай ишке барат деп ойлогон эмеспиз. Ал милицияларга сурак берип жатып "байкабай союп алдым" деп айтыптыр. Апам байкушту мууздап салгыдай эмне күнөөсү бар эле?!” - дейт кызы.

Ошондой эле ал 4 бир тууган экенин, атасы мындан 20 жыл мурда чагылган тийип каза болгонун да кошумчалады.

Ал эми коңшу жашаган жергиликтүү тургундар кылмышка шектелген жаран ошол жерде жашап жатканына жок эле дегенде 6-7 жыл болгонун, мурда кошуналары менен деле урушпагандыгын айтышат. Ошондой эле анын даараткана тазалап иштеп жүргөндүгүн, акыркы убакта көп иче баштаганын да кошумчалашты.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына окуянын күбөсү "Бишкек шаарынын тургуну кошунасын зордуктап, кийин мыкаачылык менен сабап, аягында мууздап салды" деп билдирген.

Кийин Бишкек ШИИББинен шектүү камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгонун кабарлашкан.






Бишкекте аял зордукталып, сабалып, андан соң бычакталып каза болду

Автор: Илим Туратбек уулу, Бактыяр Кыдыралиев
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
SUPER.KG видео
02.03.2018. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Олум жазасын киргизиш керек болуп калды . Акча мн бут иштерди жаап салышат милициялар . Азыр адамдар адам сойгондон коркпой калышканбы тооба
SUPER.KG видео
05.03.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХХХХХ Кудай жазасын берсин! !!
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-05 17:42:12
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: