ӨКМ: "Сокулукта эки аял муздун үстүнөн өтүп баратканда муз жарылып, сууга чөгүп каза болду"




Бүгүн, 1-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы көлгө эки аял чөгүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, саат 10:45 чамасында куткаруучуларга райондогу Военно-Антоновка айылында жайгашкан көлмөгө эки аял түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жайга ӨКМдан 10 куткаруучу барып, саат 13:23тө суудан эки аялдын жансыз денесин таап чыгып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Каза болгондор 1973-жылы туулган Г.Б. жана К.А. аттуу жарандар болушкан.
Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, алар үстүн муз каптап турган суунун бир жээгинен экинчи жээгине өтүп баратканда муз жарылып кетип түшүп кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Prokuror

01.03.2018. 18:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Админ, тема боюнча карап койсонор болмок. ӨКМ: "Сокулукта үстүн муз каптап калган сууга эки аял чөгүп каза болду" деп жазса туура болмок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.