Баткенге бара жаткан учактын кыймылдаткычы иштен чыгып, учак Бишкекке кайтты. Жүргүнчүлөрдүн катарында ырчы Дайыр Исмадияров да бар болгон
Бүгүн, 1-мартта Бишкек-Баткен аба каттамындагы учактын кыймылдаткычы күйүп кетти. Бул тууралуу кырсык болгон учактын жүргүнчүсү, ырчы Дайыр Исмадияров бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
"Аба ырайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу саат 11:10до уча турган аба каттам 2 саат кийинкиге жылдырылган. Мунун себебин Бишкектеги туманга байланыштуу деп түшүндүрүштү. 2 сааттан кийин учакка отуруп, абага көтөрүлгөнбүз. Чычкан капчыгайына жеткенде учактын сол канатында жайгашкан кыймылдаткыч күйүп кетип, артка кайттык. Учак "TEZ Jet" авиакаттамына таандык болчу", - деп билдирди ал.
Ал белгилегендей, кырсыктан оор жаракат алгандар жок.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
1

Жанылыктардан башка олколордо самалет кулап, жарылып адамдар олуптур деп айтса, бизде жарым жолдон кайтып келди самалет, баары эсен аман дейт, бул чон жетишкендик , жакшы жанылык.)