super.kg logo

Кыргыз жергесин дүйнөгө тааныткысы келген түрк мугалими. Анын сүрөттөрүнө көз салып, укмуштай кооз өлкөдө туулганыңызга дагы бир суктаныңыз

 
Сулайман-Тоону 4 мезгилде чагылдырган. Чагылгандын түшүшүн 4 саат күтүп, таңкы саат 4тө камерасына тартып калган.
Бишкек-Ош жолу бийиктиктен
Белгилүү улакчы Манас Ниязов


Зафер Динчер
14 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жашап, Ош облусундагы "Сапат" лицейинде физикадан сабак берет. Андан тышкары бош убактысында колуна фотоаппарат алып, жомоктогудай кадрларды тартат. "Камеранын жардамы менен Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчундагы топурагын бастым, суусун ичтим. Айылдагы адамдар менен тааныштым. Алар мени тааныбаса да төрүнө өткөрүп, ысык чайы, наны менен сыйлашат", - дейт ал.


Зафер мырза Германияда төрөлүп, 4 жашында Түркияга келген. Орто жана жогорку билимди Түркиядан алган. Карьерасындагы тушоосу Кыргыз жеринде кесилген. "Кыргыз жергесинде иштеген тааныштарым "Бишкекке келип иштеп көр" дегенинен жубайым Хадича менен 1 жылга келгем. Бирок калып калам деп такыр ойлогон эмесмин", - деп эскерет 14 жыл мурдагы тандоосу тууралуу.

Ал алгач Талас облусундагы түрк лицейинде 5 жыл иштеген, аталган дубанда уулу туулган. Андан соң Ош облусундагы лицейге которулуп, Ош шаарында кызы төрөлгөн. Бул аралыкта Зафер Динчердин жашоосу Кыргыз жергесине байланып калган.

Кызыктуу учурларды камерага түшүрүп калуу үчүн күч жана убакыт керек. Ал эми Зафер мырза түн уйкусун садага чаап, алтургай өмүрүн коркунучка кептеген учурлардан да баш тартпайт. Кайда барбасын колунан фотоаппаратты түшүрбөйт. Себеби кокусунан тартылган сүрөттөр дайыма кооз чыгат.


"Сүрөтчү болуп акча табууну көздөбөйм. Кесибимди таштап, фотограф болуп кетүү деле каалоом жок. Менин максатым - жети дубандын кооз жерлерин сүрөткө тартып, туризмдин өнүгүшүнө салым кошуу. Анткени чет элдиктерге Кыргыз жергесин айтсаң дароо эле Ысык-Көлдү айтып киришет. Андан башка аймактарды биле беришпейт", - дейт.


"Сүрөттөрдүн алдына "Кыргыз мамлекетинин кооз жерлерин сүрөткө тартуу менен тааныштырып жатканыңа рахмат" деген билдирүүлөр көп жазылат. Калтырылган посттордун ар бирин окуп, өлкөгө пайда алып келип жатканыма сыймыктанып, дагы сүрөткө тартуу каалоом күч алат", - дейт Зафер Динчер.

"Тарткан сүрөттөрүңүздө Түркия көппү же Кыргыз жергесиби?" деген сурообузга "Сүрөттөрдүн жарымынан көбү Кыргыз жергесине таандык. Бул жактын жаратылышы өзгөчө кооз" деген жоопту уктук.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 32 
Комментарийлер(36)
04.03.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Маа ша Аллах Кыргызстан бейиш төрү!!
04.03.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Зафер мырза чоон рахмат!Абдан сонун суроттор.Талантына таазим.Онорун оссун!!!
04.03.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыргызстанга суктангандар коп
04.03.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Азаматсыз! Мындай кооз жерде төрөлгөнүмө сыймыктанып кеттим
04.03.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Коз суктанткан кооз жерлерибиз аябай коп. Жакшы тартыптыр, камерасы да камера экенда. Ден соолукта болунуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: