Ошто айылдык кеңештин депутаты менен кылмыштуу топтун мүчөсү тургундан 400 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Ош облусунун Араван районундагы айылдык кеңештин депутаты менен кылмыштуу топтун мүчөсү тургундан 400 миң сом талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева кабарлады.
Анын айтымында, жабырлануучу тарап милицияга арыз менен 18-февралда кайрылган.
"Аталган райондун 1986-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында эки жаран 400 миң сом бересиң деп ур-тепкиге алганын көрсөткөн. Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесине (опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. 19-февраль күнү ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймактык-аралык башкармалыгынын кызматкерлери 1980-жылы туулган, уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн жана 1979-жылы туулган жаранды кармаган. Ал бир эле учурда райондогу айылдык кеңештердин биринде депутат жана айылдагы мечитте имам экени аныкталган. Алар эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Сатарбаева.







1 |