super.kg logo

Бишкек ЖЭБди оңдоодо уурулук фактысы аныкталып, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары кармалды

 

Бишкек ЖЭБди оңдоодо уурулук фактысы аныкталып, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалып, тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталган. Атайын кызмат 3-мартта билдирүү таратып, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери жасалма келишимдерди түзүү жолу менен компанияларга акча которгонун, бирок ЖЭБ оңдоп-түзөө жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөнү аныкталганын билдирген. Уурдалган каражат 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктарга бөлүнгөн.

УКМК бул фактылар боюнча кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу, коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, Бердибек Боркоев кызматынан ушул жылдын 6-февралында бошотулган. 19-февралда өкмөт үйүндө ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын жыйынында кызматтан алынгандардын катарында Боркоевдин да аты аталган болчу.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
04.03.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
386 млн долларды да ушуга окшогондор жеген да
04.03.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жеке Боркоев эмес дагы чыгат дыкат изилдесенер.386млн$ канча адамдын капчыгына кирген болсо керек,дагы тапкыла жегичтерди.
04.03.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Майда жегенденин кармайт дагы чон жегендери кармабайт.Себеби алар менен биздин чинтовниктер дагы болушкон.
04.03.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Замы жесе Самы кандай корбой отурду?
04.03.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алганын ордуна коюп койсун.
04.03.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орун басарынан мурун жетекчисин камаш керек анан орун басарды. Жетикчи болгондон кийин бардыгын козомолдоп жоопкерчиликти оз мойнуна алыш керек
04.03.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Булар майда чуйдолору, 386 млн$ жегендер силерди Кыргыз элинин кусуру урсун, башка соз жок. Балким башка бийлик келгенде жазаланаар. Булар бири бирин чукушса баары жеген болуп чыгышатда ошондуктан элдин моюнуна илинген карыз болуп калаберет, ачылбайт бул иш.
04.03.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Майда балыктарды карма эрбей.Чон киттерди дагын кармагылачы.
04.03.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай кылгылачы, жэбдин баарын эле камагыла.Камерадан бирден алып чыгып сурай бересинер.
04.03.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жебеген деле болсо керек.Өмүр бою энергетика тармагында иштесе.Крышасы жок окшойт да.Учуп келип отургандардан жакшы адис.Эптеп эле элди алдаш керек да,биз муну камадык деп.Акчаны жегендер башка жакта отурат болуш керек,майлуу сүттү жерде
..
04.03.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде чон корупциялык иш болуп атса ууруну кармадык дегенден уялышпайбы. Эптеп эле бироону садага чаап элди алдоо.
05.03.2018. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чабактары болуш керек 386 млн $жегендердин.Эң крупный сугунганда жогору жакта олтурушат жана олтуруп кеткен.Кытайга барабыз деп бир аралга эс алып бекер ойноп эсалып келген депутаттарды сурадыңарбы?Эмне үчүн азыркыга чейин үн сөз жок го.Элге 386 млн $отчётун бергиле.Кышта тоңгондорго үйүндө компенсация төлөп беришсин айткыла.Анан эле кыйын болуп чыга келишет иштеп жаткан түр көрсөтүп кечээги Баткен авиарейсинин ишин козгодук деп.Биринчи ЖЭБде 386млн жегендерди тапкыла.
05.03.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орун басар жетекчисиз (Калиев) эчтеке кыла албайт.Боркоевди садага чаап жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: