super.kg logo

"Оскар-2018": Сыйлык тапшыруу аземине өзгөчө көйнөк кийип келген жылдыздар

 

Американын Лос-Анжелес шаарында Голливуд бульварындагы "Долби" театрында дүйнөлүк кино тармагында жылдын негизги иш-чараларынын бири болгон "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп жатат.

Иш-чаранын кызыл килем менен басуу аземи Бишкек убактысы боюнча саат 05:30да башталып, ал эми сыйлык тапшыруу аземи 07:00дө орун алды.

Салтка айланып калгандай эле сыйлык тапшыруу аземине келген жылдыздардын сырткы келбети жана кийимдери көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп, интернет колдонуучулар аларды талкууга алды.

"Оскардын" 90-сыйлык тапшыруу аземине кара көз айнекчен келген Вупи Голдбергдин өзгөчө түстөр менен айкалышкан көйнөгү көпчүлүктү кызыктырып, кеченин өзгөчө кийими аталганга жетишти.
Вупи Голдберг

Голливудагы сексуалдык зордук-зомбулук боюнча алгачкылардан болуп айтып берген актриса Мира Сорвино айымдар эч качан өзүнө болгон жаман мамилени жашырбай, ачык болушу керектигин айтып өттү.

Актриса Хелен Миррен жеңи узун, жөнөкөй көйнөк кийип келгенине карабастан өзүнүн зер буюмдары менен көпчүлүктүн көңүлүн бура алды.

"Gucci" мода үйүнөн ачык сыя түстөгү өзгөчө көйнөк кийип келген Сальма Хейк.

Ушул тапта белгилүү болуп калгандай эле "Эң мыкты кийимдер" номинациясында "Көрүнбөгөн жип" ("Призрачная нить") тасмасы үчүн кийимдерди жараткан Марк Бриджес "Оскар" сыйлыгын жеңип алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.03.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Булардыкына кармаганда менин халатым жакшынакай экен
05.03.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сальма Хейктин койногу жакты-
05.03.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сельманын фигурасы зын зын зын зын зын зын го
05.03.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада Сальма Хейк жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: