ТЕСТ: 12 жылдан бери туулган күнүндө бильярд боюнча турнир өткөрүп келе жаткан ырчы? Атактуулардын туулган күндөрүндөгү кызыктар тууралуу эмнелерди билесиз?
SUPER.KG порталы Кыргыздын белгилүү инсандарын туулган күндөрү менен куттуктап, алардын аталган күнгө койгон пландары, кантип өткөрүп жатышканы же кандай белгилей тургандыгы менен кабардар кылып келет. Мындан улам бул ирет атактуулардын туулган күндөрүнө байланышкан суроолордун негизинде тест даярдадык. Эгер порталга жарыяланган жылнаамаларды калтырбай окусаңыз, түзүлгөн суроолорго жооп берүү сиз үчүн эч кандай кыйынчылык жаратпай турганы талашсыз.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Туулган күнүн жыл сайын 2 күн белгилей турганын айткан ырчы?
Ырчы Жийдеш Идирисова туулган күнүн жыл сайын 2 күн катары менен белгилей турганын айтып келет. "Негизи мен 18-январда төрөлүптүрмүн. Бирок туулгандыгым тууралуу күбөлүккө 19-январь болуп жазылып калган. Андыктан жыл сайын 2 күн катары менен туулган күн белгилейм", - деген ал.
Кийинки суроо
Жийдеш Идирисова
Роза Шакирова
Неля Нуркулова
2017-жылы өзүнүн туулган күнү менен уулунун сүннөт тоюн чогуу белгилеген ырчы?
2017-жылдын 2-ноябрында 35 жашка толгон ырчы Айжамал Кабылова туулган күнү менен уулуна сүннөт тойду бир күндө, Ош шаарындагы тойканалардын биринде өткөргөн.
Кийинки суроо
Максат Бегалиев
Айжамал Кабылова
Мирбек Иманбеков
Бул ырчы мырза 14-февралда төрөлгөндүктөн туулган күнүн эмес, сүйүү күнүн белгилей турганын айткан...
Ырчы Ирлан Таалайбеков 14-февралда төрөлгөндүктөн туулган күнүн эмес, сүйүү күнүн белгилей турганын айтып, бул күнү жубайы жана балдарын майрамдата турганын SUPER.KG`ге билдирген.
Кийинки суроо
Өктөм Сапар уулу
Акбар Сүйүнбаев
Ирлан Таалайбеков
Туулган күнүндө алтын жалатылган чүкө белекке алганын айткан ырчы мырза?
Ырчы Омар SUPER.KG порталына туулган күнүндө бир канча белек алганын, бирок алардын арасынан алтын жалатылган чүкө өзгөчө эсте калганын билдирген.
Кийинки суроо
Омар
Арсен
Нурмат Садыров
Туулган күнүндө телефонун өчүрүп салып, куттуктап келген досторун үшүткөн ырчы мырза?
Февраль айынын биринчи күнүндө төрөлгөн ырчы Данияр Эрматов туулган күнүндө телефонун өчүрүп салгандыктан түнкү саат 12де куттуктап келген достору аны менен байланыша албай, кыштын суугунда көчөдө туруп үшүп жатышканын айтып, видео тартышкан. Ырчы ал видеону социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөп, досторун үшүтүп койгону үчүн кечирим сураган.
Кийинки суроо
Нурлан Насип
Данияр Эрматов
Аваз Акимов
12 жылдан бери туулган күнүндө бильярд боюнча турнир өткөрүп келген белгилүү инсан?
Ырыскелди Осмонкулов жыл сайын туулган күнүндө кесиптештери жана достору арасында бильярд боюнча турнир өткөрүп келет. SUPER.KG`ге айткан билдирүүсүнө таянсак, быйыл 28-январда бул салтты баштаганына 12 жыл болгон.
Кийинки суроо
Актан Исабаев
Күмөндөр Абылов
Ырыскелди Осмонкулов
Туулган күнүнө ырчы Мирбек Атабеков оригиналдуу белек тартуулаганын айткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти?
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева туулган күнүнө карата ырчы Мирбек Атабеков "Мен сени сүйөм, өмүр" аталышындагы дуэтине клип тарттырып бергени - ал үчүн күтүлбөгөн, оригиналдуу белек болгонун айткан.
Кийинки суроо
Гүлнара Тойгонбаева
Алтынай Нарбаева
Асел Турдалиева
Бул ырчы өзүнүн туулган күнүндө уулун, андан соң кызын төрөгөн. Үчөөнүн туулган күнү бир күндө...
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 12-январда туулган. Өзүнүн туулган күнүндө уулу Арленди жана кызы Аэлитаны төрөгөн. Ырчынын айтымында, үчөө жыл сайын туулган күндөрүн чогуу белгилешет.
Кийинки суроо
Гүлзат Байзакова
Айчүрөк Иманалиева
Алина Жетигенова
Өзүнүн туулган күнүндө жаңы үйгө көчүп киргенин айткан шоумен?
Манас Алыкулов ушул жылдын 27-февралында 25 жашка чыгып, атасы, белгилүү куудул Жаныбек Алыкулов салып баштаган үйдү бүтүрүп, туулган күнүндө үй-бүлөсү менен көчүп киргенин билдирген.
Кийинки суроо
Бакыт Байсариев
Улан Барпиев
Манас Алыкулов
Туулган күнүндө жолдошунан "Оскар" сыйлыгын алган ырчы айым?
"30 жашка чыкканда туулган күн өткөрө албай калдым эле, 31 жашымды өзгөчө кылып белгилөөнү чечтик" деген ырчы Асема Токтобековага туулган күнүндө жолдошу "кино жаатында эмгектенип жүргөн жубайым "Оскар" сыйлыгына татыктуу болсун" деген ниетте атайын "Оскардын" статуэткасын белек кылганын айткан.
Кийинки суроо
Асема Токтобекова
Айнура Салахидинова
Айгерим Расул кызы
Туулган күнүндө сахнага кадам таштаганына 20, жолдошу менен бирге жашаганына 10 жыл болгондугун кошо белгилеген ырчы айым?
Ырчы Анжелика Бекболиева өткөн жылы 12-июнда өзүнүн туулган күнү менен бирге сахнага чыкканына 20, жолдошу менен бирге жашап жатканына 10 жыл болгондугун бириктирип чоң той берген.
Кийинки суроо
Кенже Дүйшеева
Самара Каримова
Анжелика Бекболиева
Ушул кезге чейин туулган күнүн белгилеп көрбөгөнүн айткан төкмө акын?
Ушул жылы 33 жашка чыккан төкмө акын Идирис Айтбаев бир да жолу туулган күнүн белгилеп көрбөгөнүн, бул күн кадимки күндөрдөн эч кандай деле айырмаланбай турганын SUPER.KG порталына билдирген.
Кийинки суроо
Элмирбек Иманалиев
Идирис Айтбаев
Кубат Тукешов
Бул атактуу эне менен белгилүү кызы бир күндө, тактап айтканда, 10-декабрда туулган?
Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен кызы, белгилүү ырчы Сайкал Садыбакасова бир күндө, тактап айтканда, 10-декабрда туулган.
Кийинки суроо
Саламат Садыкова жана кызы Кундуз Авашова
Динара Акулова жана кызы Малика-Дина
Гүлшайыр Садыбакасова жана кызы Сайкал Садыбакасова
"Туулган күнүмдө президенттин ишке киришүү салтанатына катыштым" деген Эмгек сиңирген ырчы мырза?
24-ноябрда туулган Кайрат Примбердиев SUPER.KG порталына "Туулган күнүм Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкен күнү менен туш келди. Мындай салтанатка катышканыма кубанычтамын" деген.
Кийинки суроо
Мирбек Атабеков
Кайрат Примбердиев
Гүлжигит Калыков
Бул ырчыга сүйүктүүсү туулган күнүндө сөйкө салган?
Өткөн жылы 27-февралда Бегимай Бекбоеванын туулган күнүндө сүйүктүүсү кыргыздын салты менен сөйкө салганын ырчы SUPER.KG порталына билдирген.
Кийинки суроо
Фарида Карбосова
Айпери Кубик кызы
Бегимай Бекбоева
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
40 балл. Көңүл бурбайт болчум. Оюма келгенди белгилеп койдум эле
Мен вапше ырчыларга кызыкпаганым үчүн билбейт экем.
Супер инфо тарых жөнүндө тест кылсанар
Мен вапше ырчыларга кызыкпаганым үчүн билбейт экем.
Супер инфо тарых жөнүндө тест кылсанар