super.kg logo

АКШда мыйзамсыз курал ташууга шектелип кармалган Теңгиз Сыдыковдун апасы: "Улуу балам Кыргыз жергесинде баңгизаты менен кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт"

 

АКШда мыйзамсыз курал ташууга шектелип кармалган Теңгиз Сыдыковдун бир тууганы Чыңгыз Сыдыков баңгизатын колдонгон абалда Кыргыз жергесинде кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 5-мартта SUPER.KG порталына анын апасы, Кыргыздын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова билдирди.

"Чыңгыз баңгизатын колдонгон абалда укук коргоо органдары тарабынан кармалды деген маалымат жалган. Уулум учурда жанымда эле, бирок анын буга чейин Улуттук коопсуздук комитетине барып, иниси Теңгиздин кармалганы боюнча сурак бергени чын", - дейт Замира Сыдыкова.

Айта кетсек, буга чейин чет элдик басылмалар АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганын жазып чыгышкан. Кийин кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковдун апасы Замира Сыдыкова уулунун күнөөлүү эмес экенин айткан.

Кийин апасы Теңгиз Сыдыковдун бошотулганын кабарлаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
05.03.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойгончо жеп олгучо актанышатда
05.03.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шамал болбосо кыймылдабайт да дарак деле
06.03.2018. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарына ыйман,ынсап берсин Аллахым,баарыбыз эле балдарыбыздын жакшылыктарын королу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: