super.kg logo

Индонезияда жергиликтүү жашоочулар сейрек кездешүүчү жолборсту кубулма киши деп өлтүрүп салышкан

 

Индонезияда жергиликтүү жашоочулар сейрек кездешүүчү жолборсту кубулма киши деп ойлоп өлтүрүп салышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Индонезиянын Түндүк Суматра провинциясында жайгашкан Хатупанган кыштагынын жашоочулары айылда пайда болгон суматрандык жолборсту кубулма киши деп ойлоп өлтүрүп салышкан. Өлгөн жаныбарды айылдын көрүнүктүү, бийик жерине илип коюшкан.

Бийлик өкүлдөрү сейрек кездешүүчү жаныбардын айылда пайда болгонун угушкан. Алар жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолборсту сактап калганга аракет кылышкан.

"Биз жолборстун өлүмүн алдын алганга аракет кылдык, бирок тилекке каршы жергиликтүү жашоочулар аны өлтүрүп салышыптыр", - деп билдиришкен алар.

Ошондой эле жаныбарларды коргоо агенттигинин өкүлү жергиликтүү жашоочулар жолборстун ички органдарын ар кандай элдик дары-дармектерди жасоо үчүн колдонорун айтып:

"Биз жергиликтүүлөр жолборсту анын ички органдарын сатуу үчүн гана өлтүргөнүн далилдеп беребиз", - деп билдирген.

Суматрандык жолборстор Суматра аралында гана байыр алышкан. Алар башка арстандардан өзүнүн көлөмүнүн кичинелиги менен айырмаланышат. Дүйнө жүзү боюнча 600 суматрандык жолборс гана калган, ошол себептен ал кызыл китепке киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.03.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубулмасы эмне
07.03.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
FCBMESSI,трах тиби дох десе кишиге айланып калат.Дагы айтса кайра жолборс болуп калат.Ошону кубулду деп коет.
07.03.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмгиче жомокко ишенишет бекен Суматралыктар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: