Австралияда аял кош бойлуу экенин билген соң 15 мүнөттөн кийин көз жарды
Австралиянын тургуну Жейд Лоуренс кош бойлуу экенин билген соң 15 мүнөттөн кийин көз жарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 27 жаштагы Жейд Лоуренс жолдошу Курт Стюард менен 5-мартта ооруканага кайрылган. Жейд кош бойлуу экенин билбей эле, ичи ооруп жаткандыгын дарыгерлерге айткан.
"Мен ичим ооруганына ыйлап, жолдошум Куртка өзүмдү начар сезип жатканымды айтсам, ал мага "сен сокур ичеги болуп ооруп жатасың, ошол себептен ичиң шишип кетти" деген", - деп билдирген Лоуренс.
Дарыгерлер бейтапты текшерүүдөн өткөргөн соң Лоуренс кош бойлуу экенин аныкташып, анын толгоосу башталганын айтышкан. 15 мүнөттөн соң кош бойлуу аял эркек бала төрөгөн, ага Жакс деген ысым ыйгарышкан.
Жейд Лоуренстин айтымында, ал акыркы айда кош бойлуулукту аныктаган тесттен 2 жолу өткөн. Бирок 2 жолу тең тесттин жыйынтыгы анын боюнда жок экенин көрсөткөн.

Кантип эле тогуз ай боюна көтөрүп билбесин кошбойлуу экенин...
Ичиндеги бала тирүү болгондон кийин баары бир кыймылдайт...
болотда.месячныйчы?
Менин бир синдимда боюнда бар экенин
6 айлык болгондо билген.Ал спираль салдырган.Колунда эмизген баласы
болгон,анан бойрогуно сактап торойт.
Боюнда бар экенин башкалар анча
баамдай беришпейт.
6-айда ичи былк-былк этет имиш.
Узиге келип тушсо 6 айлык боюнда бар дептир.
Ошо менен 29 жашында 6 балалуу болуп калды.
Тоодо,билип билбей журуп.
Биз болсок торт айда эле курсак
чыгы